www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адвокаттын маалымдаганына караганда, камактагы саясатчы 28-январда түн ичинде капыстан жана орой жүргүзүлгөн тинтүүгө байланыштуу Жаза аткаруу мекемесинин кызматкерлеринин үстүнөн Кыйноого каршы улуттук борборго кайрылды. Бул тууралуу Азаттык жазып чыкты.

Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Самат Калыков абактарда тыюу салынган буюмдарды аныктоо үчүн пландуу жана капыстан текшерүүлөр болуп турарын  маалымдаган.

Равшан Жээнбеков 12-декабрда кармалып, ага Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган. 14-декабрда айыптоого 309-берене («Бийликти күч менен басып алуу») кошулган.

Ал 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн ага чейин ИИМге бир канча жолу суракка чакыртылган. Жээнбековдун тарапкерлери ал Кой-Ташта мыйзам бузбай, арачы болуп жүргөнүн белгилеп жатышат.

26-декабрда Бишкек шаардык соту Жээнбековду 9-февралга чейин камакта калтырган. Ал азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында камалып турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости