www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«NazarNews» маалымат агенттиги азыркы тапта Хучжоу калаасында жашап жаткан кыргызстандык студент Жеңиш кызы Бермет менен баарлашып, кандай күндү баштан кечирип жатканын сурадык. Ал “Хучжоу” (Huzhou shifan xue yan) университетинде окуйт.
Байланышканыбызда ал Кыргызстанга кантип келээрин билбей жаткандыгын айтып берди.
--Шаарда кырдаал кандай болуп жатат?
--Учурда абал туруктуу, биздин шаарды дагы карантинге жабышат окшойт. Карантин жарыяланган күндөн тартып студенттик жатакананын эшиктернин баардыгы жабык.
--Ооруну жуктуруп албаш үчүн университетте кандай чаралар колдонулууда?
--Азыр бизди жатаканабыздан сыртка чыгарбай жатышат. Күндө эки маал текшерүүдөн өтүп жатабыз жана эки маал тамак-аш менен камсыз кылышууда. Атайын бизге коргоонучу маска, перчаткилерди беришти.
Угушума караганда, биздин университет башка шаардагы окуу жайларга караганда жакшы карап жатышат.
--Шаарда коронавирусту жуктуруп алган адамдар катталдыбы?
--Хучжоудо учурда жуктуруп алгандардын саны 5 адамга жетти.
--Айрым жарандардын бөлүгү чек ара жабылып, чыгып кетүүгө жетишпей калды? Сизде Кыргызстанга кайтсам деген ой келдиби?
--Албетте, ММКлардан Кыргызстанга киргизбей жатат деген маалыматтарды угуп, Казакстан аркылуу Кыргызстанга кеткенге билет алып койдум эле. Эми кантип чыгам деп отурам...
Университетибизде кыргыз жарандарынын жалпы саны биригип 10 студент окуйбуз.
Ал эми азыр каникулда үйүнө кетпей калгандардан 7 студент калдык. Алар дагы Кыргызстанга кеткенге даярданып билет алып коюшкан эле...
Булак: NazarNews.kg