www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошол жылы Кара - Ой жайлоосуна биз да эл катары мал багып чыкканбыз.
Бирок, биздин короо эл жайгашкан жерден обочо дөңсөдөн орун алган.
Келинчегим жатарга камынып жаткан, бир убакта босогону карап, баланы бооруна ката калды.

Караңгы жаңы киргендиктен эшик жабыла элек болчу. Чырактын жарыгынан бир жарты адамдын сөлөкөтү босогодон даана көзгө көрүндү. Келме келтирип, колум мылтыкка жармашты. Эки жолу ок чыгардым. Ал түнү чыракты да өчүрбөй жаттык. Таң атканда турсам бир койдун карды жарылып калыптыр. Карышкыр тийгенби десем, башка койлор соо экен. Койдун каны бир топ жерге таамп барып, жар бойлоп жоголуп кетти. Мени таң калтырган нерсе, жалгыз аяк адамдын изи болду. Ал күнү келинчегим экөөбүз билген ырым - жырымды жасап, ал жерден орун котордук.

Тобо, ошол жай кыштоонун аптабынан качып, мал багып чыккандын боору бүтүн калбады. Баары жакындарын жоготуп, кан жутушту. Өзгөчө Зиябектин жакындары кырылып калды. Башында бул эмне деген шумдук деп таң калдык. Кийин ал киши келе жатканда мокочо көрүшкөндөй эшигин жаап, кире качышчу болду. Кайтыш болгондор бири аттан жыгылса, бири жардан учуп, айтор, кырсык тооруп эле турчу.

Акыры айылдагылар Зиябек ач арбакка жолугуп, тамак - ашка тойбос болуп, ошондон улам айылды кырсык басып жатыптыр деген кеп таратышты. Ишенсең койсоң өзүң бил дегендей ар ким ар кайсыны айтышты. Жайлоодон кыштоого көчүп баргандан кийин да өлүм токтобой койду. Бир жумада же ай ичинде бирөө кайтыш болот да, айылды ызы - чуу каптап турат. Болуп жаткан окуянын чын - төгүнүн билүү үчүн Зиябекке тамак жасап, андан чын эле ач арбакка кезиктиңби, биздин короого да жарты сөлөкөт келгени туурасында айтайын деген ой менен үйүнө бардым.

Ал киши короосунда жалгыз эки тизесин кучактап, жер чукуп олтуруптур. Үн салып, короосуна кирдим. Мени таң кала, бирдеме алып келдиңби дегендей үмүттүү да карап калды. Бирок, мага ооз ачып сүйлөбөдү. Сизге тамак алып келдим, десем ордунан элпек тура, табакты кош колдоп алды. Сыягы, курсагы ач окшойт. Отурган ордунда тасмалды жайып, палоодон сугуна жей баштады. Түбүнө чейин калтырбай шыпкап жегенче карап турдум. Эч нерсени калтырбай жеп болгон соң, тек гана ыраазы боло жылмайып карап койду. Мен еуроо узатканча болбой караанын жашырып, шып үйүнө кире качты.

Андан аз өттүбү, көп өттүбү, мен короосунан чыгып кеткенден кийин аксакалдар чогулуп келип «айылдан кет, орун которбосоң өзүңө да бизге да кыйын болуп калды!» - деген талап да коюшуптур.

Зиябек аксакалдардын сөзүн аткарбаганы менен ошол окуядан кийин көпчүлүктүн көзүнө таптакыр көрүнбөй койду. Кийин ал кишини зоокадан учуп өлүптүр дешип жерге жашырышканын уктум. Зиябек кайтыш болгондон кийин айылды мүңкүрөткөн өлүм токтоду да калды.

Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ

 

Последние новости