www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү каарманыбыз-коркунучтуу оорунун айынан жардамга муктаж болгон Замир болмокчу. Анын  учурдагы оор тагдыры тууралуу жарыялап коюуну туура көрдүк. Балким бул баянды окуп калышса кайрымдуу боорукер адамдар  анын өмүрүн сактап калганга себепкер болуп калгысы бардыр…  

«Биринчи байлык-ден-соолук» деген сөздүн маанисин эми билип отурам. Эмесе кеп башынан болсун. Бала кезимде сарык менен ооруганым бир аз эсимде.  Кийин мектепти бүтүрүп үй-бүлөлүк шартка байланыштуу жогорку окуу жайына тапшыра албадым. Туруктуу ишиӊ жок болсо турмушта аябай кыйналат экенсиӊ. Куураткан куу турмуштун айынан ар кандай оор жумуштарда иштеп жүрүп жалындаган жаштыгымдын бир топ жылдары жөн эле текке кетти. Жашым отузга жакындап калган кезде  жүйөөлүү себептер менен өзүмдөн он жаш улуу айым менен баш коштум. Арзыгүлдүн ага-туугандары бизнес менен алек болгондуктан жетиштүү турмушта жашап калдык. Бир кайнагам мени өзүнүн фирмасына ишке алгандан бери жашоом жакшы жагына өзгөрдү. Эмнесин жашырайын.  Биздин үй-бүлөдө баары жетиштүү эле. Аялым экөөбүз бир гана наристе жытына зар болдук. Акыры экөөбүз кеӊешип туруп бала багып алдык. Убакыттын өтүшү менен уулубуз чоӊоюп, бизге эрмек болуп калган кезде Арзыгүл жарык дүйнө менен кош айтышып кете берди. Асылган илдет акыры мени андан ажыратты. Бул жашоодо өмүрлүк жарынан ажыраган кандай азап экенин ошондо сездим. Ыраматылык бизди таштап кетээринде:

«Замир, мен сага ыраазымын. Уулубузду жакшылап кара. Анын мындан кийинки тагдыры сенин колуӊда…» деген эле акыркы демин жыйнап, керээзин айтып.  Эми андан бери бир жылга жакын убакыт болуп калды. Малик азыр айылда кайындарымдын колунда тарбияланып жатат. Өзүм болсо бала кездеги дарттын айынан эки айдан бери төшөктө жатам. Буга чейин кан кусуп катуу кыйналганымда апам менен карындашым ооруканага алып барып жаткырышкан эле. Ошондо мени дарылаган дарыгер: 

-Сиздин ооруӊуз өтө коркунучтуу экен. Бооруӊуз кургап кичирейип бараткан турбайбы. Тез арада чет өлкөдөн операция жасатпасаӊыз… 

Дарыгер сөзүнүн аягына чыкпай менден жүзүн буруп апам менен карындашымды ойлуу тиктеп калды. А менин оюм ошол замат жамандыкка кетти. Апам чыдай албай буркурап ыйлап, үнү каргылданып дарыгерге кайрылды: 

-Демек, баламдан ажырап калышым мүмкүн экен да?!. 

Дарыгер апамдын абалына ээни кейип: 

-Кыргызстанда боорду алмаштыра турган адис жок. Ошон үчүн Индияга барышыӊар керек. Ал жакта бейтаптын боорун 30 миӊ долларга алмаштырышат экен. Андан тышкары ичкен тамагыӊарга, жашаган жайыӊарга, жол киреӊерге кеткен чыгымды эсептегенде жалпысынан 40 миӊ доллар топтошуӊар керек, - деди  үшкүрүнүп. 

Дарыгердин бул сөзүн укканда тирүүлүктөн чындап үмүтүмдү үзө баштадым. Акыры бир жумадан кийин үйдөн дарыланганга мажбур болдум. Байкуш карындашым менин өмүрүм үчүн жанталашып чуркаганы менен, чындыгында колунан эч нерсе келбей жатат. Ал шаардагы карапайым адамдарга кайрымдуулук көрсөткөн бир фондго барса, ал жердегилер жогорудагы акча каражатын толук бере албасын айтышкан экен. Интернет аркылуу мендей бейтаптардын атын сатып акча чогулткандардан эл дагы тажап калыптыр. Учурунда ден-соолугума жакшы көӊүл бурбаганыма өкүнөм. Өмүрдүн баркын ар бир секунд сайын билип жатам.  Жакында колунда бар улуу кайнагамдын баласы акыбалымды сурап келген экен. Экөөбүз сүйлөшүп жатканда уулумдун келечеги тууралуу айтсам кайдыгер карап: 

-Баланын өзүнүн тагдыры бар.  Убагында өзүӊүздү жакшы карасаӊыз болмок экен. Эми биз деле 5-10 миӊ доллар беришибиз мүмкүн. Бирок өзүӊөр дагы аракет кылып бизден тышкары шаардагы башка компаниялардын жетекчилерине кат жүзүндө кайрылбайсыӊарбы, - деди болгон кеӊешин айтып.

Чынын айтсам ал кайнимдин атасы учурда бутуна турган компаниянын кожоюну. Ал эмне болгон компания экенин айтпай эле коёюн.  Өзүм барып сүйлөшкөнгө дарманым жетпей жатат. Апам болсо ал кишиден тартынат экен. Эгер жубайымдын көзү тирүү болгондо өзү эле барып агасына болгонун ачык айтмак болуш керек. Оорум жанымды кейиткенде «Арзыгүлдөн  мурун мен өлсөм болмок экен»  деп сүйлөнүп калмай жайым бар.Эмнеси болсо эӊ акыркы үмүтүм элден тышкары кайын журтумда  болуп жатат… 

Нуркемел ИСАЕВ     

Булак: NazarNews.kg

Последние новости