www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 21-22-августта эки күндүк иш сапары менен Нарын облусунда болду. 

Мамлекет башчысы Ак-Талаа районунун жашоочулары менен жолугушуп, мамлекеттик аймактык өнүгүү саясаты, айыл чарбасын жана аймактарды колдоо боюнча финансы институттарынын ишмердиги, жер-жерлерге инвестицияларды тартуу, таза суу жана ирригация боюнча долбоорлор, сот-укутук реформанын жүрүшү, коррупция менен күрөшүү чаралары, өлкөнү санариптештирүү ж. б. жөнүндө айтып берди.

Президент менен болгон жолугушууда Ак-Талаа районунун жашоочулары сугат суусунун, турак жай курууга жер участокторунун жетишсиздиги, бийик тоолуу райондордун жашоочуларына жеңилдиктер, жолдорду, социалдык объектилерди куруу жана оңдоп-түзөө, жумушчу орундарын түзүү ж. б. суроолорду беришти.

Айылдыктардын суроолоруна Президент Сооронбай Жээнбеков менен бирге өлкөнүн тиешелүү министрликтери жана ведомстволорунун жетекчилери жооп беришти.

Президент жергиликтүү тургундардын оозеки берилген суроолорунун бардыгына кеңири жооп берип, жолугушуунун жүрүшүндө берилген жазуу түрүндөгү суроолор дагы жоопсуз калбашына ишендирди. Ак-талаалыктар менен жолугушуу 4 сааттан ашуун созулду.

Нарын облусуна иш сапардын алкагында Президент «Сүт-азык» ЖАК сүттү кайра иштетүүчү ишканасына барды, Нарын шаарын таза суу менен камсыздоо жана канализациялык системаларды калыбына келтирүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү, Ак-Талаа районунда кошумча 4000 гектардан ашуун жерге сугат суу жеткирип, пайдаланылып жаткан сугат жерлерди сугарууну жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзгөн ирригациялык долбоорлор менен таанышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле ички жолдорду реконструкциялоо жана Ак-Талаа районундагы мектепти куруунун жүрүшү менен таанышты.

Последние новости