www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул жүрөк титиреткен укмуштуу окуяны бала кезде уктум эле. Апам жети эркекти удаа төрөп, үйдөгү түйшүктүн баары жалгыз анын мойнунда болгондуктан, көп ооручу. Бир жолу кычырагын кыштын суук мезгилинде ангиннасы дагы кармап, төшөккө жатып калды. Чиедей жаш балдар баарыбыз апамды тегеректеп, ар бирибиз ага колубуздан келишинче жардам берип, оорусун жеңилдеткенге тырышабыз. Апамдын болсо, тамагы шишип, сүйлөй да албайт. Төшөктө жатып, колу менен жаңсап, бизди жумшайт. Атам болсо, колхоздо малчы, дайыма жумуштан кеч келет... Биз эле эмес, атам да жумуштан курсагы ачып келет. Ошондуктан чоңурактарыбыз ун элеп, камыр жууруйбуз, мешке казан асып, пияз, эт туурап, кууруйбуз... Бирибиз сыртта малды тейлеп, эшиктин алдындагы карды күрөп, уйду саайбыз... Бирибиз үй шыпырып, пол жууйбуз, айтор, ар кимибиз аткарчу ишибизди жан дилибиз менен жасап, апамды кейитпештин аракетин кылабыз...

Үчүнчү күн дегенде апам жаздыктан баш көтөрүп, төшөктө олтуруп, анча-мынча тамак жеп калды. Дагы эки күндөн кийин үнүн акырын чыгарып, сүйлөй баштады. Эсимде, ошол күнү апам кадыресе эс алып, чыйрала түшкөнүнө кубанып, кечки тамагыбызды ичип, идиштерди жууп, орду-ордуна койгон соң барыбыз тегеректеп апама жабыштык. Апам ар бирибиздин башыбыздан сылап, айланып-кагылып жаткан. Бир убакта:

- Мен силерге бир кызыктуу окуяны айтып берейинби? - деди апам. Баарыбыз жаалап:

- Айтып бериңизчи?.. Айтыңызчы?...- деп, апама ого бетер жармаштык. Апам болсо, биз үчүн өзгөчө бир жагымдуу үн менен жай сүйлөп жатты:

- Бул окуяны мен жакында эле уктум. Бир аз коркунучтуураак, бирок, силер чочубагыла, мен жаныңардамын да... Ал үй-бүлөдө 3 бала бар экен. Улуу кызы сегизге чыгып, кол арага жарап, бөбөктөрүн багып калган кези экен. Экинчиси 5-6лардагы али ойнок кыз. Ал эми үчүнчүсү үч жашка эми чыгып, эркеликтин кынуусун алган эркек бала экен. Балдардын атасы чарбада керели-кечке чарбада иштейт. Энеси болсо, жаштайынан эле оорукчан болуп, тез-тез эле төшөккө жатып калчу экен. Бир күнү анын оорусу катуулап, аны райондогу ооруканага алып кетишет да, ал анда 1 айдан ашык жатып калат.

...Үйдүн түйшүгү, эки кичнекей бөбөктөрүн багуу милдети үч баланын улуусу болгон кыздын мойнуна түшөт. Жайында күн узун болгондуктан, ошол күнү кечке үй тиричилиги менен алектенип чарчаган кыз күүгүм талаш диванга жата калып, ошол бойдон тарс катып уктап кетет...

Бир оокумда тестиер кыз сиңдисинин чыркырап ыйлаганын угуп, чоочуп ойгонот да, үн чыккан төркү бөлмөгө чуркап барат. Жер тепкилеп, безелене ыйлап жаткан кызды бооруна кысып: "Эмне болду сага, айтчы?..." деп сурайт. А тиги кыз болсо, ого бетер чырылдап ыйлап, эч нерсе дебестен, кичинекей колдору менен төр жакка жаңсайт. Ошондо гана тестиер кыз төрдө олтурган ак жоолукчан, кара чапанчан апасын көрөт. Чоочуп кетип, бакырып жиберет да, бөбөгүн көтөрө чуркап, сыртка чыгат. Теребел караңгылыктын койнуна бата баштаган кез болчу. Тестиер кыз бөбөгүн бооруна кыскан бойдон көчөгө чыгып, кичинекей инисин издейт. Ары чуркап, бери чуркап, инисин таппай айласы кеткенде кошунанын үйүнө кирип:

"Калича апа, Искендерди таппай жатам... Эч жерде жок..." деп айта салып эле кайрадан сыртка чуркап жөнөйт. Тиги аял энтигип калган тестиер кызды аяп, артынан кууп жетип токтотуп, анын кучагында чыркырап ыйлап жүргөн кызды колуна алды.

- Ботом, эми эле тынч эмес белеңер, эмне болуп кетти бир заматта?.. -аял тестиер кыздан сурады.

Тестиер кыз энтиге:

- Үйгө апам келип калыптыр... Искендер жок...- деди үзүл-кесил.

Эмне болуп кеткенин түшүнө албай, аял бир колу менен кичинекей кызды көтөрүп, бир колу менен тестиер кызды жетелеп, кошунасынын үйүнө жөнөдү. "Апаң ооруканада жатса, анан кайдан келип калмак эле?.. Келсе, биз билет элек да... А тиги Искендер кайда кетти экен? Эми эле эшиктин алдында жүргөнсүдү эле?.." деп кобуранып баратты аял өзүнчө. Алар үйгө киргенде үйдүн ичи капкараңгы экен.

- Апаң кайда? - деп сурады тестиер кыздан аял.

- Төркү үйдө...

Аял төркү үйгө баш багып эле дене бою дүркүрөп, босогодо селейген бойдон туруп калды. Чын эле, төрдө ак жоолук салынып, өзүнүн кара пальтосун желбегей жамынып, тиги балдардын апасы олтурганын ал даана көрдү... "Баа" деп бакырып жибере жаздап, өзүн кармап, бир колу менен сыйпалап, кире бериштеги жарык күйгүзгөн точканы тапты да, аны басып жиберди. Бөлмө жапжарык боло түштү... Ошондо гана төрдүн башында дубалда илинип турган пальто жана ага жабылган ак жоолук жерге түшүп, кудум желбегей жамынып олтурган аялдын кейпин кийип калганы, пальтонун этегин башына жазданып уктап калган кичинекей бала даана көрүндү.

Көрсө, апасын сагынып, куса болгон бала күүгүм талаш үйгө кириптир да, дубалда илинип турган пальто менен жоолукту тарткылап, жерге түшүрүп алып, анын этегин жазданып жаткан бойдон магдырап уктап кетиптир. Ал эми бөлмө ичи караңгы болуп калганда инисинин артынан үйгө кирген кызга төрдөгү ак жоолук жамынган пальтонун сөлөкөтү апасын элестетип, коркконунан чырылдап ыйлаптыр... Апам анда аңгемесин ушул жерден эле токтотуп койгон болчу. Кийинчерек биз чоңойгон кезде апамдан кайра сурасам, ал киши ошондо ооруканада жаткан тиги 3 баланын апасы оорудан сакайа албай туура ошол түнү каза болгонун айтып, көзүнө жаш алды... Апамдын ушул окуясын эстеген сайын жүрөгүм сыздайт. Ким билет, тиги наристенин кичинекей жүрөгү бул дүйнөдөгү эң кымбат, асыл апасынын ошол мүнөттөрдө кыйналып жатканын, канынан жаралган чүрпөлөрү анын көзүнөн учуп жатканын сезип, үйгө кирип, апасынын пальтосун жыттап, асыл апасы менен коштошкондур... 

Автор: Мелис Айдаркулов

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости