www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Активисттер кыргыз элинин менталитетине каршы келген экспозицияларды чечүүнү талап кылышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Гендердик теңсиздикке каршы сүрөтчүлөр. "Кырк чоро" алардын оозун жапкысы келет.

"Биз күнөөлүү адамдарды жумуштан кетирүүнү эле эмес, алардын жоопкерчилигин кароону да талап кылабыз. Мындан ары Маданият объекттеринин имарат жайларынын биринде да мындай көргөзмө жана биздин менталитетке карама-каршы келген иш-чаралар уюштурулбоого тийиш. Биз базарлардан турсийлерди көрөбүз, интернеттен жылаңач аялдарды көрөбүз, бирок бул музейлерде болбошу керек", — деди жарандык активист Аманбол Бабакулов.

«Оймок арт» студиясынын жетекчиси Айжан Акылбекова: «Ошол көргөзмөгө баргандар, ошол жерден кандайдыр бир нааразычылык көргөзүштүбү жок дегенде? Же унчукпай эле көрүп жүрүштү беле?» дейт ал.

Феминалдын уюштуруучусу Алтын Капалова «Биздин көргөзмөнү, мени өзүмдү тилдеп жазгандарга чын жүрөгүмдөн алкыш айтам. Сиздердин постторуңуздарды окуп алып, абдан көп адам көргөнү келип жатат. Көргөзмө көптөгөн маселелерди көтөрөт. Биз ал көйгөйлөрдү талкуулашыбыз керек. Ар бир каалаган адамга экскурсия өткөрүп беребиз. Феминалеге кош келиңиздер», -деп жазган соцтармакка.

Режиссер Ырыс Окенова «Кыргыздын кутун качырып, ынтымагын кетирип... Баарын ыдыраталы деген сырткы күчтөр музейге ич кийим илишти. Жазасын алышы керек», — деген ойдо.

Мурунку депутат Надира Нарматова көргөзмөгө мурдагы президент Роза Отунбаеваны аралаштырып, ага кайрылган:«Роза Отунбаева башында турган, «Азаттык», бейөкмөт жана эл аралык уюмдар,  Кыргызстандан колуңду тарт! Роза Отунбаева, Кыргыз элинин эсебинен түбөлүктүү коргоого алынып, 80миң пенсия алып жашап жатып, кыргыздын улуттук баалуулуктарына кол салып, чет мамлекеттин ырын ырдап, ызы-чуу салган максатыңдан кайткын! Сулуу чымчык болуп, уюштуруп коюп, уялбай чет өлкөлүк кызматташтарың менен ролик жасап, кыргыздын менталитетин талкалоону көздөгөн багытыңдан уялгын», — деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости