www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ийне жоголду” деген балдардын оюну бар, эки адам мөңгүлөрдө жоголду, алдын ала маалыматтарга караганда, жер көчкүдө калган болушу мүмкүн. “Мөңгү, мөңгү...” –деп Мөңгү баш болгон кыргыздар көп жылдардан бери Кумтөрдү каптап келаткан. “Мөңгүлөрдү сактайлы” –деген ураан алдында Кумтөрдөн мөңгүлөрдү сактоонун аракетинде болушкан. Кыштын алгачкы күнүнүн таңында Лысый жээк өрөөнүндөгү кендин үйүлгөн жараксыз катмары кескин түрдө жылган. Ошол учурда аймакта тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн операторлору иштеп жаткан. Тоо кен бөлүмүнүн мастерлери диспетчерлерге үйүлгөн катмардын жылганы тууралуу маалыматты бергенден кийин, токтоосуз тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн бардык кызматкерлерине коопсуз аймакка эвакуациялоо тууралуу сигнал берилген."Кумтөр" алтын кенинде эки кызматкерди - бульдозердин айдоочусу менен түнкү нөөмөттүн кезекчисин таппай издеп жатышат. Кумтөр кенинде өндүрүш иштери токтотулуп, жекшембиден бери дайынсыз эки жумушчунун өздүгү такталды. Тоо кен бөлүмүнүн мастери О.Ишенбеков жана бульдозер машинисти Ж.Жунушовду издөө иштери уланууда.

Өндүрүштөгү зарылчылыкка байланыштуу токтоосуз эвакуациялоо тууралуу сигнал түшкөндөн кийин коопсуз аймакка алып чыгуу максатында тоо кен бөлүмүнүн мастерлеринин бири О. Ишенбеков Форд пикап үлгүсүндөгү кызматтык унаа менен көтөрүлүп, бульдозердин машинисти Ж. Жунушовду алып чыгышы мүмкүн. Бирок тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн эвакуацияланган кызматкерлери чогулган жерде О. Ишенбеков жана Ж. Жунушов жок болуп чыккан, алар рацияга да жооп берген эмес", -делет бул тууралуу расмий маалыматта.

Жекшембиде премьер-министрдин тапшырмасы менен жеринен абалды билүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери Кумтөр кенине жөнөп кетишкен.

Андагы маалыматка караганда, өкмөт башчы Кумтөр кенинде жоголгон жарандарды издөө боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүү тапшырмасын берди.Кумтөр дүйнөдөгү эң ири он алтын кендин катары кирет. Бул кен Кыргызстандын бюджетин толтуруучу эң чоң ишкана болуп саналат. Кендеги алтын казуу, өндүрүштү башкаруу жана финансы-чарбалык иштеринин баарын "Центерра" компаниясы өзү жүргүзөт.

Маалыматтар боюнча, «Кумтөр» кениндеги өндүрүштүн көлөмү, башында каралгандай, 550-600 миң унций же 17,1-18,7 тонна алтынды түзөт. Бул тууралуу Centerra Gold Inc. («Центерра») ишканасынын жана «Кумтөр» ишканасынын 2019-жылдын III кварталындагы өндүрүштүк жыйынтыгы жөнүндөгү отчетунда айтылат. Бирок, өткөн жылдагыдай эле жалпы көлөмдүн 50% 2019-жылдын акыркы кварталында, качан борбордук карьердеги SB аймагынын алтын көп тилкесине кайрадан жетишкенден тарта өндүрүлөт.

2019-жылы жалпы капиталдык чыгымдар, ачуу иштерин эске албаганда 99 млн доллардын тегерегинде пландалууда. Алардын 47 млн доллары негизги фонддорду: тоо техникасы паркын кайра жаңылоого, кошумча тоо жабдууларын жана алтын бөлүп алуучу фабриканын тегирменине тиштүү шакек дөңгөлөктөрдү алууга, таштанды сактоочу жайдын аянтын чоңойтууга жана башкаларга багытталат. Инвестициялар жана өнүктүрүүлөр 52 млн доллар өлчөмдө пландалган жана өзүнө, KS-13 планына ылайык карьердин контурларын кеңейтүүгө байланыштуу кендин объекттеринин инфраструктурасын, сууну сордурууу боюнча иш-чараларды жана жаңы тоо техникасын сатып алууну камтыйт. 2019-жылы кендерди ачуу иштеринин капитализациясы 195 млн доллар өлчөмүндө болору күтүлүүдө.

Август айында эле кыргыз өкмөтү менен "Центерра" экологиялык стратегиялык жаңы келишимди бекитишкен. Кыргыз өкмөтү жаңы келишим боюнча экологиялык жана социалдык төлөмдүн суммасын мурдакы 87 млн доллардан 150 млн долларга чейин көбөйтүүгө жетишкенин билдирген. Ошол эле убакта бул келишимде кыргыз тарап мурдакы миллиарддаган суммадагы экологиялык доолордон баш тартканы үчүн өкмөттү сынга алып жатышат. Жогорку Кеңеш 2013-жылы парламенттик комиссия жиберип, "Кумтөр" долбоорун текшерип, "Центерра" менен негизги макулдашууну коррупциялашкан долбоор деп тааныган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости