www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Тагдыр" рубрикабыздын бүгүнкү каарманы Наргиза. (ред: аты каармандын өтүнүчү менен өзгөртүлдү) 1 кыздын энеси. Жашынан күйөөдөн эрте калыптыр. Учурда түнкү клубдардын биринде түнкүсүн пол жууп, күндүз тигүү цехтердин биринде топчу кадап иштейм дейт. Баарынан да маектешимдин алдыдагы пландары үрөйүмдү учурду. Анда кеп башынан болсун.

-Наргиза, жолдошуңуз качан кайтыш болду эле?

- Мен турмушта абдан көп запкы тарттым. 17 жашымда ала качып кетишип, эрте эле кыздуу болдум. Жолдошум кызыл камчы чыкты. Абдан көп урчу. Кээде эс-учумду жоготкончо сабаган күндөрү болгон. Жаштайынан эле ичкиликке берилип кеткендиктен бара-бара ак кан оорусу менен ооруп калды. Анын мындай илдетке чалдыкканын билген эмесмин. Уйлөнгөндөн бир жыл өтпөй кыздуу болдук. Оокатыбыз айылда жүрүшпөй калгандыктан шаарга келип жашап калдык. Керээли-кечке бала менен үйдөмүн. Ал курулуш иштери менен алектенип жүрдү. Бирде иш болсо, бирде болбойт. Туруктуу кесиптештери, командасы деле жок, көрүнгөн топ менен иштеп жүрүп бузула баштады. Акырындан ичкени көбөйдү.

-Ак кан оорусуна чалдыкканын качан билдиңер?

-Бир күнү үйгө кеч келди. Бутуна тура албай мас. Ага чейин күнүгө кызуу болуп келип жаткан. Ичпечи деп сурана берип мен да тажап бүткөм. Кайын атам жок, кайын энем болсо карып калган. Анын сөзүн угуп деле койбойт. Ошол себептен кой-ай деген киши жок каалаганын кылып жатып, акыры ичкиликтин түбүнө түшүп кетти көрүнөт. Ошол кеч келген түн мен үчүн эң азаптуу түн болду, Адатта мас болуп келген күнү уктап эле калчу. Ал түнү балага карабай мени аябай урду. Качып баратсам кармап келип камап салды. Дасторкон жай, досторум келет деп чоң дасторкон жайдырды. Эч ким келген жок. Күйөөм болсо эшикти ачып, өзү менен өзү кобуранып, бирөөлөрдү тосуп алдым ойго келди көрүнөт. Чай куй деп кыйнады 10 чыны чай куйдум. Дасторконго тегеретесинен коюп чыгып, бакылдап баарлашып жаткандай бирде күлүп, бирде ыйлап отурду. Жанында эч ким жок болсо да стакандарга арак куюп, ар бири менен кагышып жалгыз ичти. Мени да ич деп кыйнады. Ошол түн ошондой азап менен өттү. Эптеп тан сүрүлгөндө көзү илинип кетээри менен баланы алып качып чыктым.

-Ата-энеңиз барбы?

-Атам эрте эле кайтыш болуп калган. Апам айылда. Эркек бир тууганым жок, сиңдим эле бар. Ошол себептен апама жүк болбоюн деп эч нерсе айткан жокмун.

-Анан кошуналарга айттыңызбы окуяны?

-Ооба чуркап чыгып эле кошуналардын эшигин кагып ойготтум. Болгон окуяны айтып берсем, алар дароо тез жардамды чакыртышты. Көрсө күйөөм ак кан оорусу менен жабыркап баштаптыр. Дарыгерлер алып кетишкен. Психикалык ооруканага жаткырып коюшту. Ошону менен жолдошум улам айыгып, улам ооруп жүрүп 2 жылдын ичинде кайтыш болуп калды. Канчалык оорусу күчөгөн сайын ичкени да күчөп туруп алды. Ичкенин токтотсо айыгып кетмек... Россияга кетсемби деп жатам...

-Иштегениби?

-Иштеп кетсем кызымды калтырганга киши жок. Апам да ооруп жүрөт. Кайын журтум өз турмушу менен алек. Россияга барам дегенимдин себеби башка. Өз денемди сатпайт элем, аргасызмын. Кеп сойкулук тууралуу эмес... Жакында эле бирлөөлөрдөн уктум. Россияда адамдардын мүчөлөрүн алмаштырган жер бар экен. Тагыраагы төрөй албаган айымдарга төрөп жүргөн айымдардын жатынын алмаштырып беришет экен. Ал жакка жаштарды гана кабыл алат экен. Эгер макул болуп сатып жиберсем үй-жай, унаа сатып алып, чакан бизнес да баштап алат элем. Мындан ары турмушка чыккым келбейт. Эркек кишиден көңүлүм калган.

-Балким башка жол издеп көрөт чыгаарсыз? Балким алданып калсаңызчы? Алар наркоз менен алат да туурабы? Мыйзамдуу иш алып барышат экенби? Айтор суроо абдан көп, өтө кооптуу ишке барганы жатыптырсыз...

-2 ай клиникада жатып анализ берет экенсиң. Эгер сатып ала турган аялдын анализдерине сеники дал келсе операция жолу менен алмаштырат экен. Өтө кымбат бааны сунуштап жатышат. Мен андай акчаны өмүр бою иштесем да таппайм. Билимим болсо да бир жөн. Билимим жок мени жарытылуу ишке алышпайт экен. Чет өлкөгө иштегени кетейин десем кызымды таштай албайм. Мыйзамдуубу же жокпу сураган жокмун. Айтор азыр эки анжы болуп турган убагым, деп "Фабула" гезитине өз пикирин калтырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости