www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевдин Өкүл баласы кимдин койнуна кире качты? Эсиңиздерде болсо, КСДП партиясында Сталбек Молдалиев деген Атамбаевдин өкүл баласы бар. Атакеси тактыга отургандан баштап, ити чөп жей баштаган. Бир кезде Бишкектин Уметалиева көчөсүндө үч бөлмөлүү батирде жашачы, анан эле өкүл атасы бийликке келгенде «Нице» деген VIP шаарчасынан заңгыраган үч кабаттуу сайрай салды.
АША президент болуп турганда Орозбек Молдалиев саясатчыларын баш кылып, соодагерлерин төш кылып, салыкты шоопурдан кем эмес салганы коомчулука белгилүү. Кыргызстанда болгон контробанданы, Илимяновду алдыга, Кулматовду артка салып алып, болушунча ташыды. Дача-СУдагы контробандалык жүккө дагы ушул Атамбаевдин өкүл баласы аталган.
Сталбек Молдалиевдин түздөн-түз тиешеси бар деген кептер бекеринен айтылбаса керек. Бирок бул эргуулдун жүүнү бош окшойт. Кой -Ташта атакесинин башына иш түшкөнү, түн жамынып барып, колдоо көрсөткөн киши сыяктанып, күндүзү эч жолобогонун кандай түшүнсө болот. Бир ирет АШАга пул берип жибергени да маалым болду, «Кой-Ташка келип-кеткен тарапташтарыңызга чай-пай берип коюңуз», деп. Жаманбы-жакшыбы, атасы Алмаздын жакшылыгын абдан эле көп көрдү, суу-жүрөктөнбөй барып, АШАнын жанында жүрсө деле болот беле, ага караганда аял башы менен кыз келиндер Атамбаевдин жанында, “шефине” патрон сунуп, дух берип турушту. Эмнеси болсо да, шыйпандаган катын мүнөз, бок-жүрөк Сталбек Молдалиевдей адамдан кудай сактасын. Мындайлар баасы келсе шыр сатып жиберет.
Качкын Булатов, укук коргоочу
Булак: NazarNews.kg