www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Профессор жана коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев Атамбаевдин планын жазып чыкты. 

Атамбаев баардыгын дыкат пландаштырган экен: 7-августтагы атаканы, аны коргоп жаткан адамдардын жаракат алаарын, эртеси барып Ак үйдү алууну! Бирок, менимче, Атамбаев 2 жерден жаңылды:

1.Биринчи күнкү атакада спецназдын жигити каза болоорун кұткөн эмес. Тескерисинче, Атамбаевдин планы боюнча, анын коргоочуларынын бири-экөө каза болушу керек эле! Ошолордун тегерегинде анан эл топтолуп, төңкөрүш кылмак!

2.Эртеси бийлик мынча чечкиндүү кадам жасаарын Атамбаев күткөн эмес. Бийлик күчтү катуу топтоп, "именно" Кой-Таштан АШАны колго түшүрбөгөндө, "Жетинчи апрель-2" сөзсүз болмок, Атамбаевдин "расчету" ошондой болгон! Атамбаев экинчи күнү эле эртең менен эрте «Форумга» барып кирип, өзүнүн тарапташтарын ошонун тегеретесине чогулгула деген ураан чакырганда эле, иш сөзсүз чатакка айланмак!

Анын тарапташтарынын теңи «Форумга» кетип, Кой-Ташта азыраак адам калганы да өбөкө себеп болду окшойт!

Тыянак: Атамбаев адамдарын өлүмүн шылтоо кылып, алардын өлгөнүн туу көтөрүп, 8-августта Ак үйгө чабуул кылмак. Кечээ күнү ызаа көрүп калган спецназдар да катуурак жооп бермек.

Менимче, 7-апрелдин өлүм-житимдери бул жакта эле калып, накта жарандык согуш болмок! Кыргызстан ал согуштан 1-2 эле кадамда турган! Кудай чоң сактады! Кайра эле ким күнөөлүү экени билинбей, бейкүнөө жүздөгөн адам кырылып калмак. Бөркүңөрдөй эле көргүлө!-деп билдирди Алмазбек Акматалиев коомчулукка.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости