www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда козголоң уюштуруу үчүн ЦРУнун штаттагы кызматкерлери менен агенттер тобу аракет кылганы белгилүү болду. Алар жүздөгөн адамдар жаракаттан жабыр тартып жана бир адамдын каза болушу үчүн кагылыш уюштурууга катыштыгы бар. Биз журналисттик иликтөөлөрдүн натыйжасында кимдердин катыштыгы бар экенин аты-жөнүн, дарегин жарыя кылабыз. Ушул жазылгандарга мамлекеттин компетенттүү органдары көңүл бурарына ишенебиз. Бул тууралуу маалыматты http://новости-мира.ru-an.info жазып чыкты.

Бул иштин башталышына америкалык «The Nationa lEndowment For Democracy» (NED) өкмөттүк фондунун кызматкерлеринин  ушул жылдын май айында Бишкекке жасаган иш сапары себепкер болгон. Сөз постсоветтик мамлекеттерде болуп жаткан ар бир кыймыл үчүн жооп бере турган Джозефе Белле жана Спаске Гатзински тууралуу болуп жатат. Алардын NED менен болгон кызматташтыгы ЦРУда иштегенин жаап-жашыруу үчүн гана болгон айла-амалы.

Гатзински –2000-жылдан бери ЦРУнун штаттагы кызматкери, Сербия жана Молдавада болгон чаң-тополоңдордун уюштуруучусу, Украина, Грузия, Кыргызстандагы түстүү козголоңдорду даярдаган.

Белл өз карьерасын 2011-жылы чалгындоодо баштаган, Борбор Азия мамлекеттеринде өкмөттүк эмес уюмдарды (НПО) жамынып ЦРУнун пландарын ишке ашырат.

Алардын Кыргызстанга болгон иш сапарынын башкы максаты азыркы бийликти кулатуу үчүн жагдай түзүү болгон. Америкалык агенттер Бишкекке 6-12-майда келишип бир топ саясатчылар жана НПОнун жетекчилери  менен жолугушкан. Алардын арасында азыркы КСДПнын оппозициячыл жаштар канатынын башчысы Адил Турдукулов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, өткөн жагы булганган адвокат Нурбек Токтакуновдор болгон.

Турдукулов мурунку президент Атамбаев жетектеп, 7-8 августта баш аламандыкты уюштуруп, бир топ адамдардын оор жаракаты менен аяктаган КСДПнын оппозициячыл жаштар канатына кирет.

Р. Жээнбеков Кой-Таш айылында коргоо кызматкерлери болгон кагылышууга от жагып, ал эмес бийлик менен өз пикирин таңуулап сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Америкалык чалгынчылар менен сүйлөшүп отуруп, ал жеңишке жетишип калса премьер-министр болорун баса белгилеген.

Биздин иликтөөлөргө таянсак Турдукулов менен Жээнбеков 2014-жылы апрелде Кыргызстанда болгон башаламандыкты даярдашкан. Батышчыл оппозициялык саясатчылардын тобу менен 2015-жылы Бишкекте, Таласта, Ошто Кыргызстан ЕАЭС, ЖАМКдан (ОДКБ) чыгыш үчүн тартипсиздикти уюштурушкан. Ошол кездеги Атамбаев башында турган бийлик алардын мындай кара санатай ойлорун билип калып, бул иштин алдын алып токтотуп калган. Ошондо да булар  көп акча төлөй турган жумуштарга умтулушкан.

Акча жөнүндө айта кетсек. Башаламандыкты уюштурууга даярдануу үчүн АКШтын өкүлдөрү: Гатзинскиден мурун NEDде  кызматта турган  Мириам Ланскии жана  АКШ элчилигинин саясий-экономикалык бөлүмүнүн жетекчиси  – Джеймс Моррис менен жолугушкан.

Биздин билишибизче, Моррис ЦРУ резидентинин милдетин аткаруучу болуп, дипломатиялык иштерге жамынып жүргөн, ошол жылы тилеги ишке ашпай 2015-жылы Тбилисиге которулуп кеткен. Анын контактарынын бири адвокат Токтакунов болгон.

ММК беттеринде ал экөөнүң ортосунда болгон 2015-жылдын июнундагы жолугушуу тууралуу жазылып алынгандар чуулган туудурган, бул жерде “укук коргоочу” –адвокат Морриске шаардын аянтында оппозициянын акциясы кандай өткөнү тууралуу отчет берип турганы тартылган. Бирок, бул чуулгандуу иш кылмыштуулук боюнча аягына чыкпай калган, анткени дипломат катары Морристин кол тийбестиги болгон, ал эми Токтакунов “жинди” деген деген псхикалык оорусу бар деп справка даярдай койгон.

Турдукулов, Жээнбеков жана Токтакуновдун “ышпыйондук” умтулуулары  – АКШ агентурасы тарабынан жерине жете иликтенген. Равшан Жээнбеков 2013 жылы NEDдин акчасына Киевге барып Майданда болгон башаламандыкка катышып келген. Киевде аны гей-журналист Портников лидерлик кылган «Удар» тобу жылуу жүз менен кабыл алган, ал Казакстанда болгон тартипсиздиктер менен байланышы бар экени да билинди.

2014-жылы анын жардамчылары Украинанын “Правый сектору” менен Кыргызстанга башаламандыктарды уюштуруу үчүн инструкторлорду жиберүү тууралуу, баррикададаларды кантип уюштуруш керек, көчө согуштарынын тактикасы тууралуу келишим түзүшкөн.

2019-жылы жазында Атамбаев бийликте турганда аны жок кылгысы келген Равшан Жээнбеков кошулат, оппозициялык  кыймыл татаалдашып, Кой-Ташта мурунку президент “чеп” кура баштайт. 7-августтун түнүндө алты кыргыз “Альфасынын” кызматкерин барымтага алып, коопсуздук кызматына талаптарды койо баштайт. Бирок, азыр иштерге күбө катары гана катышып жатат.

Токтакунов болсо мурунку премьер, кыргыздын тарыхындагы жогорку посттогу  америкалык агент Сапар Исаковдун адвокаты. Сапар Исаков 2009-жылы Бакиевдин аппаратынын жооптуу кызматкери катары орус-кыргыз мамилелери тууралуу маалыматтарды АКШ элчиси Татиан Гфеллерге баканооздук менен жеткирип турган, анын жеткиргендери элчилик документтерде “катуу сактала турган булактар” графа басылып ЦРУ тарапка жөнөтүлүп турган. Азыркы президент аны коррупция иштери боюнча камакка алган, бирок АКШ Исаковдун эмгектерин унутпайт.

2019-жылы Турдукулов, Жээнбеков жана Токтакунов Гатзинскиден Кыргызстанда америкалыктарды колдогон оппозициянын өнүгүшүнө багыт алган көрсөтмөлөрдү алган. Анын ичинде ЦРУнун өкүлдөрү батышчыл НПОлор бир муштумга күчүн бириктирүү тууралуу, биримдиктүү оппозициячыл майдан (фронт) түзүү тууралуу, түндүктүк кыргыздар биригип түштүктүк –президент Сооронбай Жээнбековго каршы күч топтоп чыгышы тууралуу көрсөтмөлөр болгон.

Америкалыктар берген көрсөтмөлөр, каршы туруулар бекем элдин канында ойноп, эки ай ичинде МУРУНКУ ЖАНА АЗЫРКЫ ПРЕЗИДЕНТТЕРДИН ОРТОСУНДАГЫ КАРМАШ КҮЧӨП, жеткен чегине жетип, акыры 7-8 августтагы козголоңго алып келди.  Бийликтегилер араңдан зорго кырдаалды колго алышты, бирок ортодо курмандык болуп кетти.

Ян Остроумов, «Русской Весны»

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости