www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазира телефон чалганда нааразы болгон Данияр маалкатып жатып трубканы араңдан зорго алды:

-Бул ким?!

-Мен Жазирамын. Эмне аялыңды тааныбай калдыңбы?

-Таанысам да эч тааныгым келбей турат. Сен азыр бирөөнүн жарандык никеде жашаган аялысың. Эмесе ошол эриң менен бактылуу бол. Эми мындан кийин менин жеке турмушума кийлигишпе -, деди Данияр биротоло менден үмүтүн үзсүн дегенсип.

Көңүлдү калтыра турган мындай сөздөрдү укканда ыйлагысы келген аялы:

-Жаным антип айтпачы. Сенин жакшы адам экениңди эми билдим. Жаңылыштык кылып ак сүйүүмө чыккынчылык кылдым окшойм. Эгер мени кечирсең сенин оюңдагыдай жашайм -, деди жарашканга аракет кылып.

-Мен сендей жеңил ойлуу аялды эки дүйнөдө да кечирбейм. Сен мага өзүңдүн жеке кызыкчылыгың үчүн гана турмушка чыгыптырсың. Сага эч ким тийбейт деп айтчу эмес белең. Сенин бирөө менен жашап алганыңды уккандан кийин мен дагы өз бактымды тапкам. Азыркы колуктум боло турган айым сага караганда жаш. Буюрса эмдиги жылы төрөп берет. Сендей төрөбөгөн, сүйүүсүн тебелеген, ак никесин булгаган аялдын эми мага кереги жок -, деп ачууга алдырган Данияр телефонун өчүрүп таштады…

Булак: Нурислам Кабакбеков, NazarNews.kg

Последние новости