www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алыскы Россиянын суук шаарында жолдошум экөөбүз күн тынымын билбей иштейбиз. Буюрса, балдар чоңойгончо бутка туруп алып биротоло кетебиз деп кыялданам. Күйөөм болсо барууну көп деле каалабайт. Эмнеге баргың келбейт деп такыбайм деле. Ансыз да иши оор деп жүргөм. Көрсө жолдошум Уландын  жүрөк дарты такыр башка экен.

Биз жаңыдан таанышкан кезде Улан Москвага иштегени келген. Чогуу батирде мен курбум, ал досу менен төртөөбүз жашачубуз. Татынакай бир кыздын сүрөтүн кайра –кайра карап, жамгыр себелеп өтсө же кар жааса эле Бишкекте калган сүйүктүүсүн эстеп  улутуна берчү. Менден эки жаш кичүү экенине карабай сүйүп калдым. Жанталашып мен иштеген дүкөнгө келсе нан, чай, тамеки сыяктууларды арзандатып берем. Батирде дагы кийимдерин жууп тамагын жасап коём. Жылуу мамиле кимди да болсо имерет тура. Улан акыры мага көңүл бөлүп, мамилебиз сүйүүгө жетти. Акыры тигинисин унуттурдум деп кудуңдап кубанып турмушка чыктым.  Катары менен эки уул төрөп бердим. Тагдырыма, аялдык бактыма ыраазымын деп жүргөндө күтпөгөн окуя болуп кетти. Күйөөм телефонун унутуп чыгып кетиптир.  Аңтарып көргүм келди.   Вотсабындагы кыска гана АС деп сакталган келин менен күйөөм жумуш маалында, бири-биринин абалын сурап көп жазышат экен. Телефондун ары жагында жылмайып турган айымды дароо тааныдым.  Себеби жогоруда айтып кеткенимдей Улан анын сүрөтүн дайыма тиктеп олтурчу. Байкуш келин чебелектеп “жумуш убактыңда жаз да башка жерде жазба, Наргиза билсе таарынат”-деп бир топ качыптыр.

Күйөөм гана жармашып анын жашоосуна көп кызыгып сурап, аябай аракет кылат экен. Бирде болсо “шаарга барсам эле алдымдан сен чыга калчудайсың. Баягы мен жакшы көргөн көйнөгүңдү кийип жүрөсүңбү?”-деп сураптыр. Кыргызстанга баргысы келбегенин бир себеби ушул тура.  Кыскасы экөөнүн тең ичинде арманы бар экенин жазышкандарынан эле билсе болот. Булардын качан, кантип табышып алганын деле билбейм. Көрсө мен, Уландын жүрөгүндө жок экенмин. Эки баланын урматы үчүн гана кош жаздыкка баш коюп, бир үйдө жашап атыптырбыз. “Үй-бүлөдөгү бактысыз эркек, мурдагы сүйүүсүн издеп жылуулук издейт”-дегенди уктум эле бир жерден. Демек, Улан мени менен бактылуу эмес тура. А менчи?

Күйөөм билмексен, телефону колунан түшпөй, жумушунда көп кармалат.  Ал келиндин баракчасына көп кирем. Татынакай, өзүн каранган, жакшы кызматта иштеген неме.  Ичимди ит талагансып, орустун жеринде короосун тазалап иштегеним үчүн күйөөм жактырбай жатабы деп арданам. Балдарымды алып, көз көргүс жактарга  качып кетким келет бирок...Улансыз кайда барам? ...мындан ары да кантип жашайм. Тааныштарга сыртынан таттуу үй-бүлө көрүнүп, ичинен бир жаздыкка аргасыз баш койгон эки жанбыз. Уланга таарынып ошол келин жөнүндө сөз башталса эле бакырып ыйлаганы жүрөм. “Эмнеге мага үйлөнөсүң, кой дедим беле? Бар дагы таап ал”-деп кыйкыргым келет.

Жүрөгүндө жок болсом да менин жүрөгүмдөгү сүйүүнү өчүрө албай, жумушума да көңүлүм жок,  жаман абалдамын. Эркек сүйбөгөн соң, кайсыл жылуулук болсун үйдө. Аялдын аңгыраган шамал ойногон дүйнөсүндө кайсыл бактылуулук болсун.  Чын эле мени сүйбөсө анда неге үйлөндү, өз сүйүүсү менен эмнеге күрөшпөй койду деген ойлор тынчтык бербейт. Өзүм да буулугуп балдарымды сагынып араң жүргөндө күйөөмдүн бул кылыгы каттуу таарынтты. Бактылуу бактысызмын, аялдын,  аялдык бактысы толук болбосо каттуу сындырат тура....

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости