www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыштын “дерьмократтарына” ишенбегиле! Алар кыргыздын шоруна жаралган адашкандар! Батыштын булганыч идеологиясын кыргызга сиӊирүүгө аракет кылган күчтөр активдүү иштеп баштады. Акыркы байкоолорумдун жыйынтыгын сиздер менен бөлүшүп коюну туура көрүп жана мындан ары аларга каршы бөгөт иштерин колго алууну сунуштайм. 

Американын агенттери кимдер? 

Американын агенттерин айырмалап билүү кыйынга турбайт. Алар, Кыргызстан менен өнөктөш Россия, Казакстан ж.б коӊшу мамлекеттерди сынга алып, аларды жээрип, өздөрүнүн оюн таӊуулап башташат. Андан тышкары “адам укуктары”, “сөз эркиндиктери” деген теманы дайым бетине кармашат. 

Адам укуктары деген эмне жана анын Кыргызстандагы орду кандай? 

Акыркы убакта ата-бабам укпаган “гендердик теӊдик” деген түшүнүк пайда болду. Ал аял менен эркектин теӊ укукта болушу. Муну Американын агенттери элге сиӊирип, аял менен эркекти атаандаштырып, бири-бирине каршылаш кылып салганга жетишти. Азыр, айрым аялдар “менин укуктарым дагы сеникиндей”-деп тастаӊдап чыга калышат, эректерден сөз талашып, төр талашып. Кыргыз эли байыртадан эле аял-затына сый-урмат менен мамиле кылып, керек болсо аялдарды эл башкарткан. Ошондуктан бузулган булганыч түшүнүктөр менен жашаган айрым НПОчу, батышчылдар бизге аялга болгон мамилени үйрөтпөй эле койсун!

“Азаттык” радиосу, НПО өкүлдөрүнүн “сөз эркиндиги”

Демократиянын мекени деп төш каккан Америкада мыйзам үстөмдүк кылат жана ал бузулбай аткарылат. Сөз эркиндиги – бул оозуна келгенди сүйлөп, кааласа улуткан корунуч жаратып, элдин ынтымагын бузуп койчу дөөпөрөстүк эмес! Сөз эркиндигинин чеги жана орду болушу керек. Бизде, элди бөлүп жарып, ынтымакты кетирип, эки жаат кылып уруштурганга себеп жараткан ээн ооздор арбын. Карапайым эл андай ээн баштардын кармалып, жазага тартылышын каалайт. Укук коргоо органдары дагы көпчүлүк элдин каалоосу менен андай ырк бузгандарды тартипке чакырып келет. Бирок чектен ашып, улутка коркунуч жарата баштаганда желкеден жетелеп келип камап салат. Ушундай маалда эле НПО, “Азаттык” жана Американын жугундусун ичкен активисттер чыга калып, “кокуй баатырды камап салды, ал сөз эркиндигинин символу болчу”-деп айкырып чыга калышат. Себеби, “сөз эркиндигине” келген гранттары акташ үчүн ушундай кадамдарга барышат. Акыркы мисал, Афтандил деген блогер. Блогер деп айтууга дагы болбойт. Ал буга чейин ким экендиги белгисиз болчу. Блогер катары дагы эч ким тааныган эмес. “Беспредел” деген баракча ачып алып, кр кимди каралап, компроматтарды чыгарып, аны кайра өчүргөнү үчүн акча талап кылып жан баккан неме эле. Андайларга дагы тартип, чек керек!

“Сөз эркиндигинин жана ээн баштыктын” демократиясы

Оозуна ээ боло албаган жандыктардан тышкары, өзүнө ээ боло албагандардын тобу пайда болду. Алар – Феминисттер. Же, аялдардын укуктарын коргогон “периштелер”. Эсиӊерде болсо так ушул эки бутту айбанаттар жаз айында, тактап айтканда 8-мартта Бишкекте гей-лесбиянкалардын жүрүшүн уюштурган. Ага, Равшан Жээнбеков сыяктуу аттуу-баштуу эле деп жүргөн агаларыбыз келип, гейлер менен кол кармашып чогуу жүрүшкөн. Анда карапайым эл эмне болуп кеткенине түшүнүп-түшүнбөй оозу Ошту карап калып кеткен. Булардын тамыры ушунчалык жайылган экен, ар кимиси ар кайсы теманы көтөрүп, бетине түрдүү темаларды жамынып алып, түбү чогуу аракет кылып келе жатышат. Элдин ишенимине кирүү үчүн – коррупция, адам укуктары, сот реформасы деген маселелерди коомчулукка алып чыгышат. Чынынды көтөргөн маселелери туура жана актуалдуу. Бирок, ошондой темалар менен элди азгырып, өздөрүнө көӊүл бурдуруп алгандан кийин эле тескери түшүнүктөрдү арасында тыга калышат. Эт тартып, арасында салат жегизип койгондой эле кеп. Эми, жаздагы гей-парад кылгандар, 25-ноябрда “Реакция” деген митинг кылып чогулушту. Алар өздөрүн “балкончиктер”, “креативдүү жаштар”, “маданияттуулар”, “билимдүүлөр” деп сүрөттөштү. Булардын башында дагы деле Америкачыл агенттер турду. Белгилүү жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун кыргызча сүйлөгүсү келбеген кызы кыргыздын тагырына “күйүмүш” этип чыкты. Ал, депутат кезинде чын эле күйүп-бышканын көрсөткөн эмес болчу. Болгону, “гей-лесбиянкаларды пропаганда кылган адамдарга кысым кылбаш керек”-деп элди жийиркенткен. Башка оозго аларлык бир дагы иши калган эмес. Эми жалаӊ НПОчулар, батышчыл балкончиктер менен чыгып алып митинг кылганга өттү. Талаптары дагы жеке таарынычтан жогору боло албаган, радикал чакырыктар. Кыймылынын аты “ҮМҮТ 2020”. Чынында элдер мындай мадырабаш балкончиктерден үмүт кылган жери жок. Балким, өздөрү Америкадан чоӊ-чоӊ гранттарды үмүт кылып жаткандыр деген ойго келдим. 

25-ноябрда митингге чыккан феминисттер, балкончиктер жана НПОчу активисттер Гапар Айтиев атындагы музейге иш-чара кылышты. Болгондо дагы куттуу музейге ич кийимдерин илип, энеден туума жылаӊачтанып, муну демократиянын жемиши жана аял-затынын эркиндиги катары даӊазалашты. Мындай жийиркеничтүү иш-чарага Экс-президент Роза Отунбаева барып катышты. Бир кезде улуттун энеси болгон аял катары “койгула жаштар, мындай биздин салтка туура келбейт”-деп айтуунун ордуна, аларга дем берип, ырсайып алып сүрөткө түшүп жүрдү. Мындай осол ишке аралашканы үчүн Отунбаева эл тарабынан жазаланышы керек. Улутка, келечек муунга коркунуч жараткан иш-чарага катышкандыгы үчүн, Роза Отунбаеванын “экс-президент” макамын ажыратууну сунушайм. Керек болсо бул үчүн кол топтоп, иш алып баруубуз керек деп эсептейм. Бүгүн кайдыгер болсок, эртеӊки муун булардын идеологиясы менен жашап калышы толук мүмкүн. Биздин коом гей-лесбиянкаларды эмес, эр жүрөк баатырларды даярдашы керек. Ага – мен, мен жана жалпыбыз шарт түзүүбүз абзел! Мына Американын куйруктарынын түбү бир, максаты булганычтуу экенинин далили. Демократия деп көкүрөгүн чапкылагандын бары эле баатыр эмес. Алардын түпкү максаты улутту жок кылуу! Ал үчүн ири суммадагы гранттарды алып жатышат. 

Мекенибиздин тагдырын  батышчылдар, балкончиктер чече албайт. Илгертеден элдин намысын коргоп, элдин жүгүн көтөргөндөр карапайым элден, элеттен чыккан азаматтар болгон. Балкондо чоүоюп, эки ооз эне тилинде сүйлөгүсү келбеген манкурттардын колунан эч нерсе келбейт. Ошондуктан, мындай диверсияга ынтымак менен каршы туруп, экинчи жолу дагы гей-парад же чечинген иш чара кылса, ич кийимин илсе, көргөн жерден көк ыштанын башына кийгизип кууп салалы. Бизге мындай феминист, НПОчу, дерьмократтардын кереги жок. Биз кыргыздын кыздары ордубузду билебиз. Кыргыз элим аялдын ордун коомдо жогору коюп келген. Ошондуктан мындай булганган түшүнүк менен жашагандардын аракеттеринин ишке ашуусуна жол бербейли. 

Келгиле, улуттун азаматтары, уӊгулуу журттун жакшылары чогуу бололу! Дерьмократтардын азгырыктарына алынбайлы!

Урматым менен Назира Бегим

Булак: NazarNews.kg

Последние новости