www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: Жыланга ачытылган арак

Кытайдын кафе, ресторандарынан жылан салынган арактын идиштерин көрүп таң калчу болсок, кээ бирлери аны пайдалуу деп ичишээри белгилүү. Уламыштар боюнча бул арактын жаралышы абдан кызыктай эле болгон. Кайсы бир айылда арак саткан сатуучу бир күнү кардарлар көп болуп, даяр арактар түгөнүп калып, кожоюн Ли Бону складдан арак алып келүүсүн буйруйт. Ли Бо складга барса бир чоң жылан арактын идишине жабышып алып арак ичип жаткан болот. Аны көргөн Ли Бо коркуп кайра кыйкырып эшикке качып чыгат. Анын кыйкырышнан улам башка адамдар дагы анын жанына келип, жыланды көрүп коркуп, ичке кире албай качып кетишет. Бирок жылан бат эле мас болуп, арактын ичине кулап түшөт.

Ли Бо аны байкап дароо идиштин капкагын жаап, үстүнө таш коюп салат. Арадан билинбей эки жыл өтүп, тиги идиштен бир да жолу үн чыкпайт. Ли Бо жыланды эбак эле өлүп калса керек деп ойлоп, коркпостон капкакты ачып текшерип көрөт. Жылан албетте чындап эле өлүп калган болот жана арактын өңү өзгөрүп калат. Муну билген кожоюн аракты төгүп салуусун буйруйт. Бул айылда дагы башка бейбаш адам жашачу. Ал дайыма Ли Бого арак ичкени келчү, бирок акчасы жок болчу. Ли Бо андан коркконунан ага арак берчү. Бир күнү ал адатынча арак ичкени келгенде Ли Бо баягы жылан салынган аракты эстеп, андан кутулуш үчүн тобокелге салып ага берип салат. Кызыгы, ал арак жагымдуу жыттанып, даамы өзгөрүп калганын айтат. Ошондон кийин жылан салынган арак белгилүү болуп кетиптир.

Булак: "Багыт.kg"

Последние новости