www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Кытай дубалы космостон көрүнбөйт

Бул жөнүндө былтыр октябрда космоско барып келишкен кытайлык астронавттар же тайконавттар Фэй Цзюньлун менен Не Найшен билдиришти. Тайконавттар жакында Шанхай шаарында мектеп окуучулары менен жолугушушту. Баса, "тайкун" кытайча "космос" дегенди билдирет.

Улуу Кытай дубалын космостон да көрсө болот деген уламыш Кытайда көпкө популярдуу болуп келген. Америкалык астронавттар дүйнөдөгү эң ири курулушту таба алган жокпуз дегенде, кытайлыктар аны калп дешкен.

Бирок жергиликтүү космонавттар да америкалыктардын сөздөрүн бышыкташты. Улуу Кытай дубалы 3-кылымда Цинь династиясы тушунда тургузула баштаган. Курулуш мезгили жүздөгөн жылга созулуп, жумуш учурунда миңдеген адамдар набыт кеткен.

Ушул учурга чейин дубалдын аз гана бөлүгү ураганы менен, дээрлик көбү жакшы сапатта сакталып турат. 1987-жылы БУУ дубалды дүйнөнүн маданий мурастарынын тизмесине киргизген.

Назгүл АЧАКЕЕВА

Булак: "Багыт.kg"

Последние новости