www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылдын күз айларынын башында бир кызык маалымат коомчулукка тараган. Мантай аттуу бир ишкер (маалыматтарга караганда ал бажы тармагында иштеп, чириген байга айланган) УКМКнын мурдагы төрагасы А. Сегизбаев менен мурдагы орун басары Б. Сүйүмбаевге Орто-Сай тарапта заңгыраган хансарайларды салып берип атканы айтылган.

Алтургай ал хансарайлардын сүрөттөрү да маалымат булактарына жарыяланган эле. 
Ал сүрөттөрдөгү хансарайлардын баасы бери жагы миллион долларды (ар бири) чапчып түшөөрүн карапайым адамдар деле эсептей алат. Ошондо ал Мантай аттуу ишкер хансарайларды экөөнө «ыраазычылык» катары куруп берип аткан болобу? Анда алар бул ишкерди канатына калкалап келишкен болуп калат да. 

Эмнеси болсо да, ошол хансарайлардын тагдыры эмне болгонуна коомчулук кызыгып турат. Эгерде аны Сегизбаев менен Сүйүмбаев пара катары курдуруп алышкан болсо, анда мыйзам чегинде жазаларын алышы керек эле. Деги эле буга тиешелүү укук коргоо органдары көңүл буруп жатат болду бекен?

Последние новости