www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда 14-январда кулап түшкөн жүк ташуучу "Boeing 707" учагы Кыргызстандын "Манас" эл аралык аэропортунан учуп чыккан. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты.

Учак дүйшөмбүдө эртең менен саат 7:16да учуп кеткен. Ал Тегеранга жакын жердеги "Пайам" аэропортуна конушу керек болчу.

"Reuters" агенттиги Ирандын мамлекеттик телеканалына таянып кабарлагандай, бортто тогуз киши болгон. Түрдүү маалымат булактары курмандыктардын саны 9дан 16 кишиге чейин экенин жазып жатышат.

Жергиликтүү ЖМКлар кулап түшкөн самолеттун учкучтары аман-эсен экенин жазууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости