www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтон Украинага аскердик жардам берүүнү токтото туруу Трамптын түздөн-түз талабы болгонун ырастоодо.
Бул билдирүү Болтондун али жарык көрө элек мемуарында камтылган. Кол жазманын үзүндүсүн The New York Times гезити жарыялады
Болтондун жазганына караганда, Трамп Украина Жо Байден менен анын уулунун ишмердүүлүгүн текшерүү иштерин баштабаса, Украинага жардам берүүнү кечеңдетерин айткан.
Учурда Сенатта Трампты кызматтан четтетүү маселеси каралууда. Жараянда кошумча күбөлөрдү, анын ичинде Болтонду чакыруу сунушталууда. Сенатта көпчүлүк добушка ээ республикачылар буга чейин жаңы күбөлөрдү суракка алуудан баш тартышкан, бирок эми пикирлерин өзгөртүшү да мүмкүн. Ак үй тыюу салгандыктан Өкүлдөр палатасында көрсөтмө бербеген Болтон эгер чакыруу келсе, Сенатта сөз сүйлөөгө даяр экенин ишара кылды.
Трамп «Твиттердеги» баракчасына Украинага бериле турган жардам менен Байдендин ишинин байланышы бар экендиги жөнүндө мурдагы кеңешчисине эч качан сөз кылбаганын билдирди. Президенттин пикиринде, Байден китебин сатуу үчүн сенсация издөөдө.
I NEVER told John Bolton that the aid to Ukraine was tied to investigations into Democrats, including the Bidens. In fact, he never complained about this at the time of his very public termination. If John Bolton said this, it was only to sell a book. With that being said, the...
— Donald J. Trump (@realDonaldTrump) January 27, 2020
Учурда АКШ Сенатында президентке импичмент жарыялоо боюнча териштирүү жүрүп жатат. Өткөн айда демократтар басымдуулук кылгын Өкүлдөр Палатасы президент Дональд Трампка импичмент жарыялаган. Анда Кошмо Штаттардын 45-президентине «кызмат абалынан кыянат пайдаланган», «Конгресстин иликтөө иштерине тоскооолдук кылган» деген айып коюлган.
Атайын кызматтагы булак анда «Кошмо Штаттардын президенти Трамп менен украин лидери Владимир Зеленскийдин 25-июлдагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө өзүнүн башкы саясий атаандашы Жо Байден менен анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган» деп маалымат берген. АКШнын президенти мындай дооматтардын баарын четке каккан.