www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мусулмандарга парз кылынган ыйык Рамазан айындагы орозодон тышкары кармала турчу нафил (кошумча) орозолор да бар. Нафил орозолор күнөөлөрдүн кечирилишине жана чексиз сооп табууга өбөлгө түзөт. Биз дүйшөмбү жана бейшемби күнү кармалуучу орозого токтолобуз.

Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салават-саламдары болсун) ар дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү орозо кармаган. Бул тууралуу пайгамбарыбыздын жубайы Айша (Аллах андан ыраазы болсун):"Алланын элчиси ар дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү орозо кармар эле", -дегени тастыктап турат.

Ал эми эмне үчүн дал ушул күндөрү орозо кармаганы тууралуу сахабалардын бири Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) баяндаган хадисте: Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салават-саламдары болсун): "Адамдардын жасаган амалдары Жаратканга дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жеткирилет. Менин амалдарым мен орозо кармап жаткан кезимде жеткирилишин каалайм", -деген экен.

Сахаба Абу Катада аль-Ансари (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздан дүйшөмбү күнү кармала турчу орозо тууралуу сураганда, Ал: "Бул күнү мен жарык дүйнөгө келгем жана дал ушул күнү мага алгачкы аян түшүрүлгөн", -деп жооп берген.

Ошондой эле пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салават-саламдары болсун) "Дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү Аллах урушуп кеткен 2 адамдан башка бардык мусулмандын күнөөсүн кечирет. Ал эми урушуп кеткен 2 адам тууралуу "Аларды ал экөө элдешкиче жөн койгула",-деген.

Жогорудагы хадистерден Пайгамбарыбыз өзү ар дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү орозо кармаганын жана анын себептерин билүүгө болот.

Нафил орозолор бир гана сооп таап, күнөөлөрдүн кечирилишинде эмес, адамдын ден-соолугуна да олуттуу пайдасын тийгизет. Бул тууралуу кайрадан эле хадиске таянсак, Алланын элчисинин үммөтүнө 1400 жыл мурун калтырган "Орозо кармагыла-ден соолукта болосуңар"-деген хадисинде чоң акылмандуулук жатат.

Ушул жылы Токионун Технологиялык Университетинин тери клеткасы боюнча адиси Ёсинори Осуми орозонун ден соолукка тийгизген пайдасын далилдеп, Нобель сыйлыгына татыды. Есинори Осуминин аутофагия механизминдеги ачылышы Нобель комитетин таң калтырды. Аутофагия-организмдеги керексиз клеткалардын кайра иштетилүү жана тазалануу процесси. Грек тилинен алынып, "өзүн өзү жеген" деп которулат. Аутофагия процесси тууралуу окумуштуулар өткөн кылымдын 60-жылдарында эле кабардар болушкан, бирок анын иштөө механизмин толугу менен түшүнө алышкан эмес. Ал эми окумуштуу Осуми изилдөө ишинин жыйынтыгында бул процесс үчүн жооп бере турган гендерди да таап чыккан.

Улуу Жаратуучу адамдын организмин ушунчалык уникалдуу кылып жараткан экен, организм өзүнө зыян алып келген ашыкча заттар менен адамдын катышуусу жок эле автоматтуу түрдө күрөшүү жөндөмдүүлүгүнө ээ.

Ёсинори Осуминин ачылышына таянсак, клеткалардагы "таштанды заттар" атайын "аутофагосома" деген капка чогулуп, лизосома контейнерине жайгашат. Лизосомада таштанды заттар өзүнөн өзү жок болот же кайра иштетилет. Кайра иштетилген заттар жаңы клеткалардын пайда болуусу үчүн "куруучу блок" кызматын аткарат. Аутофагиянын аркасында организм түрдүү инфекциялар менен токсиндерден кутулат. Ал эми бул пайдалуу процесс организм стрессти сезгенде, мисалы, ачка болгондо интенсивдүү түрдө иштей баштайт. Адам ачка болгондо клетка өзүнүн керексиз ресурстарынан энергия бөлүп чыгарып, алардан арылат. Ал эми аутофагия процессинин бузуусу ар кандай коркунучтуу ооруларга чейин алып келиши мүмкүн. Буга карата доктурлар жаңы дары-дармектерди чыгара башташты.Осуминин Нобель сыйлыгынын алышы менен бир катар чет өлкөлүк маалымат сайттары "Осуми рак оорусун айыктыра турган жана карылыкты жайлаткан дары-дармектин пайда болушуна өбөлгө түздү" деген маалыматтар чыга баштады. Бирок эч кандай дары-дармектерсиз эле орозо кармоо менен бул нерсени алдын алып койсо болорун мусулмандар жакшы билишет. Аткени Пайгамбарыбыздын "Орозо кармагыла-ден соолукта болосуңар" деген насааты бош сөз эмес.

Кытай окумуштуулары 1 жылда 1 ай ачка болуу жаштыктын негизи экендигин айтышса, 3 күн аралыгында ачка жүрүү бүткүл иммундук системаны калыбына келтирери илим тарабынан тастыкталган. Батыш жана чыгыш медицинасы да ачкачылыктын организмге тийгизген оң таасирлери туурасында бир катар эмгектерди жазышкан.

Орозону себеп кылып күнөөлөрдү кечирип, чексиз соопторго ээ кылып эле койбой адамдардын ден соолугуна кам көргөн Аллах Таалага чексиз шүгүрлөр болсун! Мындай чоң белек, орозону, Рамазан айында гана кармабастан, Пайгамбарыбыз көрсөтүп кеткен жол менен кошумча орозолорду кармап турсак, өзүбүзгө эле чоң пайда алып келерин унутпайлы.

Нафил орозолорду кармоодо адам ичинен ниет кылат да, төмөнкү дубаны айтуу керек: «Навайту ан асума савма нафиля миналь-фаджри иляль-магриби халисан лил-ляхи та‘аля» (Таң аткандан күн батканга чейин Аллах Тааланын ыраазычылыгы үчүн нафил орозону кармоону ниет кылдым).

Ал эми ооз ачып жатып төмөнкү дубаны айтуу зарыл:

«Аллахумма лякя сумту ва бикя ааманту ва алейкя таваккяльту ва ‘аля ризкыкя афтарту. Фагфирли, я гаффар ма каддамту ва ма аххарту» (Жаратуучум, Сенин ыраазычылыгың үчүн орозо кармадым, Сага ишендим, Сага гана таяндым жана сенин ырыскың менен оозумду ачып жатам. О, Чексиз кечиримдүү Аллах Таалам, менин өткөн жана кийинки күнөөлөрүмдү кечире көр).

Последние новости