www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусундагы Ат-Башы районунун акимиатынын алдында жеригиликтүү тургунда митингге чыгышты. Бул тууралуу социалдык тармактарынын колдонуучулары билдирүүдө.

Жергиликтүү тургундар кытайлык инвесторлорго  логистикалык борбордуу куруу үчүн жер бөлүп берүү маселесин жокко чыгарууну талап кылып жатышат. Митингде 150гө жакын адам катышып жатат.

Тургундар бийликтен логистикалык борбордун курулушуна чет өлкөлүк эмес жергиликтүү ишкерлерди тартууну талап кылышууда.

Эскеп салсак, Ат-Башы  районуна индустриялык-соода-логистикалык борбордун курулушу 2020-жылдын апрель айында башталаары айтылган. План боюнча логистикалык борборго,  жогорку технологиялык 10го чукул завод-фабрикаларды салуу пландалууда.

Жалпысынан борбордун курулушуна 200 гектер жер аянты бөлүнүп, кытайлар  инвестиция кылат. Мамлекет аталган  аймакты заводдук-экономикалык зонага бөлүп берип, ишкерлер жерди 49 жылга ижарага алгандыгы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости