www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте чет элдик спикерлердин катышуусунда меймандостук индустриясын өнүктүрүү боюнча ири форум өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлады.

Маалыматка караганда, иш-чара 20-февралга белгиленген. Анда чет элдик спикерлер тажрыйба бөлүшмөкчү. Форумдун биринчи бөлүгү отельерлерге, экинчи бөлүгү рестораторлорго арналат.

Мындан тышкары кошумча үч аянтча каралган;

"Бизнес академия" — чет элдик жана алдыңкы бизнес тренерлер сүйлөйт;

"Көргөзмө" — бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр жана тармактардагы алдыңкы өнөктөштөрдүн презентациялары;

"Жашыл экономиканы өнүктүрүү" — эксперттерден интерактивдик сессиясы.

Ошондой эле 21-февралда форумдун алкагында VIP сессиянын өтүшү күтүлүүдө. Анда ишкерликти өнүктүрүү боюнча жеке консультациялар каралган.

Уюштуруучулар HoReCa Club ассоциациясы менен Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаменти болуп саналат.

Форумга катышуу акысыз экендиги айтылды. Ал эми сессияга кошумча каражат берилет.


Булак:NazarNews.kg 

Последние новости