www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Талды-Коргон облусунун тургуну баллон менен муз тээп келе жатып, кырсыктап каза тапты. Бул тууралуу казак басылмалары жазыр чыкты.

Аталган маалымат социалдык тармакка чыгарылган.

"24-январда, бешинчи күнү, Текели лыжа базасынын жанында бир тууганыбыз баллондон учуп кетип көз жумду. Омурткасы үч жеринен сынып, ооруканага жетпей калды...", — деп жазып чыгышкан.

Посттун автору ошол күнү дагы бир кыздын кырсыктаганы туурасында жазды. Анын айтымында, жергиликтүү бийлик коопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрбөйт. Социалдык тармактарда баллон менен муз тебүүгө тыюу салууга чакырык ташталууда.

Алматы облусунун полициясы кырсыктуу окуя Казакстандын Кылмыш кодексинин 306-беренеси ("Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды өндүрүү, сатуу же кызмат көрсөтүү") менен иш козголгондугун билдирген. Эгерде кызмат көрсөткөн тарапты сот күнөөлүү деп чечсе, ал жарандар төрт жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости