www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Прокурор мыйзам боюнча үлгү болдубу?

Баткен облусунун прокурорунун кызматтык автоунаасы караңгылатылып, эрежеге туура келбеген жерде токтоп турат. Бул тууралуу окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.

Видеонун авторунун айтымында караңгылатылган автоунаа Абдыбакыт Халмурзаевдики экендиги айтылган. Анын үстүнө автоунаа токтоотууга мүмкүн болбогон жерде токтотулган.

Автор: ”Бул автоунаа Баткен облусунун прокурору Абдыбакыт Халмурзаевге тиешелүү. Мына, мыйзамсыздык кайсы жерден башталат?! Мамлекеттик кызматчыларга автоунаасын караңгылатуу мыйзамга туура келбейт”,-деп айткан.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда алдыңкы жана эки капталдагы терезелерди караңгылатуу үчүн өлкөнүн  президентинин, Жогорку Кеңештин төрагасынын, Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Кызматынын тогузунчу кызматынын кызматтык автоунаалары гана караңгылатууга мүмкүн. Бирок башка бардык кыргызстандык жарандарга караңгылатууга мыйзам жол бербейт. Эрежени бузгандар эки миң сом өлчөмүндөгү айып пул каралган.

Жол кайгуул милициясы мыйзамсыз  караңгылатылган терезелердин атайын катмарын алып салууга укугу бар.

Бул маселе боюнча экинчи тараптын оюн угууга даярбыз.

Булак:Nazarnews.kg

Последние новости