www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2015-жылы шайлоодо утуп келген партиялар мамлекеттик жогорку кызматтардан тартып мектеп директору кызматтарына чейин улуп-жулуп бөлүп алышканы жалпыбызга жакшы маалым. Бир топ министрлик, агенттиктерден колу узун, аткарган жумушу кыйла көп Экотехинспекция "Кыргызстан" фракциясына "жамбаш" устукан катары тийген. Бул кызматты акыркы 2 жылга жакын убакыттан бери Жолдошбек Жунушов деген дайындалган.

Ал чынында "Кыргызстандын" партиясынын атасы болуп жүргөн алкомагнат Шаки Абдыкеримовдун саясаты менен келген. Келгени  курусун. Аталган кызматты мындайча айтканда өлтүрдү. Же аткарган иши жок, сындан башы чыкпай, бир сөз менен айтканда абдан эле коррупциялашкан мекемеге айлантып жиберди. Өткөндө Жунушовдун кол алдындагылардан пара алган бир нече адам кармалды.

Көп узабай, ошолорду көзөмөлгө алган Жунушовдун орун басары Болот Жунусов кызматтан алынган. Андан соң, Коопсуздук кеңешинин жыйынында "кооптуу чиновник" катары Жунушов өзү кызматтан алынды. Бирок Жунусов да, Жунушов да жоопко тартылбады. Эми бизде көп учурда жоопко тартуунун эң жеткен чеги кызматтан алуу эмеспи...

Эми бул кызматка аракет кылгандардын арасында Адиев деген бар. Ал ошол эле жерде жооптуу кызматтардын биринде иштейт. Ал эми ажо Жээнбековдун күйөө баласы да Экотехинспекцияда иштейт. Бирок президент азырынча элден чоочулап директор кыла койбойт го.

Булак: “Багыт.kg”

Последние новости