www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиялык автоэксперт Илья Пименов тайгак жолдо айдоочулар тормозду басуу менен кандай жаңылыштыктарды кетирерин айтып берди. Адистин пикирин "За рулем" журналына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, айдоочунун тайгактагы негизги каталарынын бири — ручникти тартып жиберүү. Мындайда арткы дөңгөлөктөр кыймылсыз болуп калат дагы автоунаа таят. Ушул учурда руль туура эмес буралса, машина капталды көздөй кетет.
Айдоочу ABS системасы сыяктуу кылам деген ой менен тормозду бат-баттан баскылай бергени туура эмес. Адам баласы тормозду баскан жагынан АВС системасынын күчү жана жөндөмүнө теңеле албайт.
Пименов тайгак жолдо эң негизги эрежелер — шашпоо, аралыкты сактоо жана ойду бир жерге топтоо экенин эскертет.
Булак:NazarNews.kg