www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда Кытайдан келген дагы беш киши курч респиратордук вирустук инфекция жуктуруп алуу шеги менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин билдирди.
— Буга чейин ооруканага жаткырылган төрт кишинин экөөсү үйлөрүнө кое берилди. Жаңы эле курч респиратордук вирустук инфекция жуктуруп алган деген шек менен Алматыда бир адам, Акмоло облусунда төрт кишиден турган бир үй-бүлө ооруканага жеткирилгендиги тууралуу кабар келди. Алар да буга чейин Кытайда болуп келишкен, — деди Бекшин.
Ал ортодо Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кытайда коронавирустун жайылып жаткандыгына байланыштуу кытай жарандары үчүн 72 сааттык визасыз режим убактылуу токтотулганын билдирди. Мындан тышкары аэропорттордо бул өлкөнүн жарандарына электрондук виза берүүдө ден соолугу тууралуу маалымкат талап кылынууда.
ТИМдин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кытайда 1 300 казак жараны бар. Алардын жарымын Хайнань курортунда эс алып жүргөн туристтер түзөт.
28-январда Кытай бийлиги жаңы вирустан 106 киши каза болуп, илдетти жуктургандардын жалпы саны төрт миңден ашканын билдирген.