www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 20 жаштагы бала акча жана телефон урдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь районунун ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-декабрда жаш бала “Тунгуч” кичи районунда аялдын колунан ичинде телефону, 15 миң сому, паспорту бар баштыгын тартып алып, качып кеткен. Материалдык зыян 30 миң сомду түзгөн.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде “Тоноо” беренеси боюнча катталган. Кармалган убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда шектүү дагы башка кылмыштарга тиешеси барбы же бокпу такталып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости