www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек ара кызматынын “Бөрү” атайын даярдыктагы тобунун офицеринен жаракат алган келишимдик негиздеги жоокер тосмо арыз жазып берди. Иш Кадамжай райондук сотунда каралууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири өздүк булагына таянып жазды.

“Сотто жабырлануучу көрсөтмөсүн өзгөрттү. Анын айтымында, командири жоокерди чындыгында жарадар кылган, бирок өлтүрүүгө ниеттенген эмес, бардыгы кокустуктан болуп калды”, - деп көрсөтмө берди дейт өздүк булак.

Эске салсак, Баткен облусунун Айдаркен айылында 2019-жылдын май айында атайын бөлүктүн аскер кызматкери анын кол алдындагы келишимдик негизде кызмат өтөгөн жоокерге бычак кезеп, жарадар кылган. Чек ара кызматы бул фактыны жашырууга аракет кылган. Жабырлануучуга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөндөн улам жарасы ырбап кеткен. Чек ара кызматы бул окуя боюнча эч кимди жоопкерчиликке тарткан эмес.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости