www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда куралчан кишинин Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы агенттигинин кызматкерлерин жана егерди атып саларын айтып коркуткан видео тарады.

Кадрда курал кармаган атчан кишинин жанындагылардан телефондогу видео менен сүрөттөрдү өчүрүүсүн талап кылганын көрүүгө болот. Жанындагылары өз кезегинде аны тынчтандырууга аракет кылышкан.

Мамлекеттик токой чарбасынын маалыматына караганда, видео Жети-Өгүз районунун мергенчилик аймагындагы болгон жаңжал тартылган.

Белгилүү болгондой, мындан мурда мекемеден маалымдагандай, ал агенттиктин кызматкерлерин жана егерди өлтүрөм деп коркутуп, мыйзамсыз түрдө үч саат кармаган.

“Алар кызыл китепке кирген аркарды (Марко Поло кою) мыйзамсыз атып алган мергенчини кармашкан. Кармалган адам жергиликтүү тургун болуп чыккан. Экологдор өлгөн аркарды жана анын куралын алып, протокол толтурууга аракеттенишкенде, кармалган тургун каршылык көрсөтүп, курал менен коркутуп, атын чаптырып качып кеткен. Андан кийин көп өтпөй таанышын ээрчитип келип, кызматкерлерди жана егерди үч саат коркутуп кармап турган”,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин аталган мекемеден кабарлашкандай, кызматкерлердин смартфонун тартып алып, видеосун өчүрүп салган.

Аталган иш боюнча токой чарбасынын кызматкерлери милицияга арыз менен кайрылышкан. Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өмүрүнө залал келтирүүчү зордук-зомбулук коркунучун келтирүү" жана "Жаныбарларды жок кылуу" беренелери боюнча иш козголушу мүмкүн.

Мындан тышкары, бир миллион сом өлчөмүндөгү айып пул салынышы ыктымал экени айтылды.

Ага катар ири чыгым келтирген мыйзамсыз мергенчилик кылууга 50 миңден 70 миңге чейинки айып пул төлөп же эки жылга чейин коомдук түзөтүү ишине тартылат. Же болбосо, эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Браконьер убил архара, взял в заложники сотрудников Гослесхоза и заставил удалить фото и видео с ним с телефонов. Инцидент произошел в Джети-Огузском районе 4 декабря прошлого года. Местный житель убил краснокнижного архара Марко Поло. Когда сотрудники Гослесхоза остановили его, мужчина оказал сопротивление и скрылся. Позже он вернулся со своим приятелем, взял сотрудников гослесхоза в заложники под дулом охотничьего ружья и заставил удалить фото и видео доказательства с телефонов специалистов. Позже, они обратились в милицию. Теперь браконьер должен выплатить МИЛЛИОН сомов штрафа. #браконьер #охота #архар #маркополо #заложники #ружье #oppa_kg

Публикация от Oppa (@oppa_kg)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости