www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги  

Бишкекте жайгашкан  "Ата-Түрк" паркындагы "шайтан дөңгөлөк" алынат. Бул тууралуу шаар мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирди.

Анын айтымына караганда, кезек "шайтан дөңгөлөккө" жетти.

"Аттракциондун конструкциясы абдан эскирип, кооптуу болуп калды. Ал тургай шаардыктардын жашоосуна коркунуч жаратууда. Ошондуктан алып салуу чечими кабыл алынды. Эскирген 28 аттракцион жок кылынгандан кийин жаңыларын орнотуу үчүн тендер жарыяланат", — деди Алмамбетова.

Буга кошумча, мэрия көңүл ачуу жайларындагы коопсуздукка өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.

"Бул максатта былтыр Панфилов паркындагы аттракциондор жаңыланды. Баса, бул парктын ижара мөөнөтү аяктагандыктан, муниципалитет аны өзүнө кайтарып алганы жатат", — деди кеңешчи.

Мындан мурда  аталган сейил бакта бир нече аттракцион алынып жатканы айтылган эле.

Белгилей кетсек, 2019-жылы мэрия жалпысынан 2 659 объектини жок кылды. Анын ичинде капиталдык жана жеңил курулуштар, рекламалык конструкциялар бар.

 

 Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости