www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Караколдо үч милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булактарга таянуу менен билдирди.
Тартип сакчылары кылмышты жаап-жашырган деп шектелүүдө. Кеп Бостери айылында 23 жаштагы баланын өлүмү тууралуу болууда.
“Кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Натыйжада атайын багыттагы полктун үч кызматкери кармалган. Алар Каракол шаарындагы СИЗОго киргизилди”, - деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, 6-августта Бостериде 23 жаштагы эс алуучу “Золотые пески” пляжында каза болгон. Достору аны сегиз жигит сабаганын айтышкан. Кийинчерээк Бостери айылынын тургундары окуя боюнча өз версиясын айтып чыгышкан.. Өлкөнүн президенти бул маселени жеке көзөмөлүнө алды.
Киши өлтүрүүгө шектелген төрт адам кармалды.
Аталган маалымат тууралуу укук коргоо органдары расмий маалымат бере элек.
Булак: NazarNews.kg