www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжайда өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыздын апасынын видео кайрылуусу соцтармактарда тарады.

Ал кызын өлтүргөндөр жоопко тартылышы керектигин айтып, 17 жаштагы шектүүнүн жакындарынын кылып жаткан кадамын тууралуу айтып, аларды айыптады. 

Эске сала кетсек, 2022-жылдын 4-сентябрында Кадамжайда 14 жаштагы окуучу өлтүрүлгөн. Окуя болгон жерге кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болгон кыздын жансыз денеси табылган. Кылмышка шектелип 4 жаран кармалган болчу. Алардын ичинен бирөөсү өспүрүм. 4-декабрда 2 шектүү Оштогу СИЗОдо асынган абалда табылып, көз жумган. Ал эми дагы бирөөсү өмүр бою эркинен ажыратылган. Кылмыш болгон учурда 16 жашта болгон өспүрүмдү сот 10 жылга эркинен ажыраткан. 4-июлда Баткен облустук сотунда өспүрүм шектүүнүн жазасы каралмак. Соттук отурум 9-августка жылдырылып, андан соң дагы жылдырылып кеткен.

Маалым болгондой, 15-августта шектүү өспүрүмдүн жакындары анын ичинде ата-энеси президентке кайрылуу үчүн Кадамжайдан Бишкекке келип, Өкмөт үйүнүн алдында отурган. Алар президентке жолукмайын кетпей турганын айтышкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости