www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БРИКСтин Жаңы өнүктүрүү банкынын башчысы Дилма Руссефф уюмга долларды алсыратууга аракет кылып жатат деген айыптоолорду комментарийлеп, мындай божомолдор негизсиз экенин билдирди, деп жазат kommersant.ru.
«Доллардын алсырашына эң оболу тарифтик саясат себеп болууда, ал учурда Запад (Батыш) бардык мамлекеттерге карата дээрлик тарифтик согушка өттү», — деди НӨБ башчысы Бразилиянын Fundão Perseu Abramo аналитикалык борборунда сүйлөгөн учурунда (түз эфир YouTube-каналында көрсөтүлдү).
Ханым Руссеффтин айтымында, Батыш өлкөлөрүнүн бир тараптуу санкциялары дүйнөлүк финансылык системага терс таасирин тийгизүүдө. Ал эми бул система долларды негизги соода каражаты катары колдонуп келет.
Анын айтымында, БРИКС өлкөлөрүнүн дүйнөлүк экономика тууралуу түшүнүгү Батыштыкинен айырмаланат. Ал кошумчалагандай, июлда өтө турган БРИКС саммитинде мамлекет башчылары бирикменин валюталык системасын түзүү маселесин талкуулашат.
АКШнын президенти Дональд Трамп февралда БРИКС өлкөлөрүн долларга альтернатива валюта түзүү же аны өз ара эсептешүүлөрдө колдонбоо боюнча талкуу болсо, аларга 150 пайыздык тариф киргизүү менен коркуткан. Бразилиянын тышкы иштер министри Мауру Виейра БРИКС өлкөлөрү учурдагы валюталарды алмаштыруучу жаңы акча бирдиктерин түзүүнү пландап жатпаганын билдирген. Россиянын президенти Владимир Путин да долларга каршы күрөш айыптоолорун четке каккан болчу.