www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы үч жыл ичинде өлкөбүздө, бардык тармактарда, анын ичинде санаторийлер тармагында да, чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Бул иш-аракеттер мамлекет башчыбыздын түздөн-түз колдоосу жана тапшырмасы менен ырааттуу ишке ашырылып келет. Ипотекалык үйлөр, жаңы оорукана жана бала бакчалар, жолдор жана башка маанилүү социалдык объектилер менен катар, ден соолукту чыңдоо мекемелеринде да бир топ курулуш жана оңдоп-түзөө иштерине өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу пикирин Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармагына бөлүштү.

Ал: - Бүгүн биз дагы бир жакшы жаңылык менен бөлүшүп жатабыз. «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинин 3-корпусу жаңыланып, капиталдык оңдоп-түзөө иштери ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул корпуста 200дөн ашык орун бар, алардын арасында 2 жана 3 орундуу люкс номерлер да камтылган. Ар бир бөлмө заманбап стандарттарга ылайык оңдолуп, бардык ыңгайлуулуктар менен камсыздалды. Жаңы эмеректер, заманбап техникалар жана санитардык түйүндөр (санузелдер) ар бир номерде бар.

Мындан тышкары, дарылоо-сууда сүзүүчү бассейндин оңдоп-түзөө иштери соңуна чыгайын деп калды, ал эми дарылоо-ден соолукту чыңдоо поликлиникасынын курулушу кызуу жүрүп жатат. Жээкке жакын жайгашкан жаңы заманбап корпус да курулууда — бул өз кезегинде эс алуучуларга сунушталган кызматтардын деңгээлин дагы да жогорулатат.

Биздин максатыбыз — калктын ден соолугун чыңдоо жана эс алуу үчүн эң жакшы шарттарды түзүү. Бул Президентибиздин жалпыбызга койгон башкы тапшырмасы, деп жыйынтыктаган өз сөзүндө.

Последние новости