www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын 7-майында 541 кыргызстандык Россия Федерациясынын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан кайтарылды. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Казакстан тарабы менен россия-казакстан чек арасына жакын тилкеде Казакстан Республикасынын аймагында ӨА режиминин аякташын көптөн бери күтүп турган Кыргыз Республикасынын жарандарын гуманитардык алып кетүү тууралуу жетишилген макулдашуулардын алкагында жүзөгө ашырылды.
Белгилей кетсек, оор эпидемиологиялык абалдын жана Казакстандын бийлиги кабыл алган катаал чектөөчү чаралардын кесепетинен, биздин жарандардын Казакстандын аймагында жеке унаасы менен транзиттик түрдө өтүп кетүү мүмкүн болбой келген.
“Мындай учурда жол полициясынын коштоосунда бир колонна менен жүргөн атайын жүргүнчүлүк унаа үчүн транзиттик коридор көрсөтүлдү. Бул ден соолук үчүн коопсуз шарттарда башында айтылган жарандардын көпчүлүк бөлүгүн, анын ичинде аялдар жана балдарды Кыргызстанга алып чыгып кетүүгө өбөлгө түздү. Бардык келген жарандар бекитилген медициналык процедуралардан өтүүгө обсервацияга жайгаштылырат, -деп айтылат маалыматта.
Чет өлкөлөрдө калган жарандарыбызды өнөктөш өлкөлөрдүн жардамы менен мекенине кайтаруу жолдорун издөө боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруу иши улантылып жатат.
Казакстандын аймагында дагы эле өзгөчө абал режими күчүндө жана чет элдик жарандардын кирүүсү чектелгенин КР ТИМ эске салды.
Булак: NazarNews.kg