www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети бүгүн, 3-декабрда Кыргызстандын Казакстандагы жана Украинадагы элчилердин ишмердүүлүктөрүнүн отчетторун угат.
Казакстандагы элчи Жээнбек Кулубаев 2018-2019-жылдардагы элчиликтин жасаган иштери менен тааныштырса, Украинадагы элчи – президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы Жусупбек Шарипов Украина менен биргеликте Молдавиядагы иштер тууралуу да депуттарга отчет бермекчи.
Эскерте кетсек, Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп былтыр, 2018-жылдын октябрь айында дайындалган. Ал ага чейин Кыргызстандын Малайзиядагы жана Кытайдагы элчилигин жетектеп жүргөн. Ал эми Жусупбек Жээнбеков мурунку президент Алмазбек Атамбаев жарлыгы менен 2017-жылдын ноябрь айында Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. Шарипов бул кызматка дейре Кыргызстандын Кувейт мамлекетиндеги, Марокко Королдугундагы, Иордания Хашимит Королдугундагы жана Бахрейн Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматын аркалаган.
Булак: NazarNews.kg