www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин аскер кызматкери, ички коопсуздук кызматынын жоокери, кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу ИИМдин ички коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
2019-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин жекеме- жеке күрөш тобунун кол башчысы, ага лейтенат Авазбек Аманбеков Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан кикбоксинг дүйнө чемпионатынын финалдык кездешүүсүндө 57кг салмактагы дүйнө чемпиону болду.
Авазбек Аманбековдун жетишкендиктерин айтып берди.
• Кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону - 2013 (Түркия, Анталия, 1 орун);
• Кикбоксинг боюнча Аалам кубогу - 2014 (Россия, Анапа, 1 орун);
• Кикбоксинг боюнча Азия чемпионаты - 2015 (Индия, Пуна, 2 орун);
• Кикбоксинг боюнча Аалам чемпионаты - 2015 (Сербия, Белгород, 2 орун);
• Дүйнө Чемпионаты - 2015 (Индонезия, Джакарта, 3 орун);
• Дүйнө кубогу - 2016 (Кытай, Сиань, 1 орун);
• Кикбоксинг боюнча Азия чемпионаты - 2017 (Түркмөнстан, Ашхабад, 1 орун);
• Түркмөнстандагы Азия оюндары - 2017 (Түкмөнстан , Ашхабад, 1 орун )
;• Кикбоксинг боюнча Азия чемпионаты -2018 (Чолпон-Ата 1 орун);
• Кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионаты -2019(Босния, Сараев, 1-орун)
Булак: NazarNews.kg