www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев менен төрага Дастанбек Жумабеков Талас облусунун, Бакай-Ата районунда ачылган кант кызылчасын кайра иштетүүчү заводдун ачылышына катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 2-декабрында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы кант кызылчасын кайра иштетүүчү заводдун ачылышына катышты.

Салатанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев, Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо боюнча департаментинин директору Таалайбек Айдаралиевдер катышты.

Төрага Дастанбек Жумабеков аймактарда чакан ишкердиктин өнүгүп жаткандыгы экономиканын өсүшүнө салым кошо тургандыгын айтты.

“Кыргызстандын кайсыл айылына чакан заводдор ачылбасын, баарынын ачылышына катышып, аларга колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Анткени, чакан ишкердик экономиканын өсүшүнө салым кошот, андан сырткары жумуш орундары түзүлөт”, - деди төрага.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев бул заводдун ишке кирип жаткандыгы жергиликтүү тургундар үчүн жакшы жетишкендик экенин билдирди.

“Жаш ишкерлердин өндүрүшкө аралашып жаткандыгы жакшы жышаан. Дыйкандар төө бурчакка альтернатива катары кант кызылчасын айдап калышат. Бул жердин эс алуусуна да шарт түзөт”, - деди.

Заводдун директору Сакеев Жанат заводду 2017-жылы сатып алганын, бул жерди сатып алууга Айыл чарба министрлигинин көмөгү менен Айыл банктан 9 миллион сом насыя алганын, заводду сатып алууга жалпы 29 миллион сом кеткендигин айтты.

Айылдык аксакалдар келген конокторго ыраазычылыгын билдирип, мындан аркы иштерине ийгилик каалап, ак батасын беришти.

Иш-чаранын жыйынтыгында Айыл чарбасынын өнүгүүсүнө салым кошкон жарандарга министр Э. Чодуев тарабынан министрликтин төш белгилери, ардак грамоталары тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости