www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-ноябрда Кыргызстанда милициянын түзүлгөнүнүн 95 жылдыгы майрамдалууда. Бул салтанатка карата өлкө боюнча ар кандай иш-чаралар уюштурулуп, аталган орган кызматкерлерин, ардагерлерди куттукташып, сыйлашуулар башталды.

Биз да элден калбай, ар бир катардагы милиция кызматкеринен тартып, башкы милиция Жунушалиевге чейин куттуктообузду айтабыз.

Ал эми көпчүлүккө кызык болгон суроо бул – “Учурда Жогорку Кеңеште канча милиция депутат болуп олтурат?”.

Жооп кылалы.

Жогорку Кеңештин азыркы – VI чакырылышында депутат болуп мурун-кийин милиция тармагында иштеген 10 кызматкер олтурат.

Алды генерал, арты мындайча айтканда - “шоха”, же тагыраагы, штаттан тышкаркы кызматкер болуп иштегендер.

Кимдер алар? Айталы, тизмени мурунку Ички иштер министри (ага чейин далай кызматтарды аткарып келгенин кошпогондо), учурда “Республика – Ата-Журт” партиясынан парламентке депутат болуп келген, мезгилинде жашыруун акча мушташтарына катышып жүргөнүн жашырбаган Зарылбек Рысалиев, андан кийин эле ошол Рысалиевдин ордуна ИИМ министри, соң байлардын партиясы саналган “Бир Бол” партиясынан депутат болуп келген генерал Бакирдин Субанбеков баштайт. Айтмакчы, бул генералдардын катарын аларга, дегеле көпчүлүк башка депутаттарга салыштырмалуу  саясатты семичкедей чаккан юрист, убагында бул дагы ИИМ министринин милдетин аткарып калган милициянын генералы Мыктыбек Абдылдаев да толуктайт.

“Афганчы-жоокер”, милициянын подполковниги, парламентте “Республика - Ата Журт” партиясынын тизмеси менен буга чейин, азыр деле көпчүлүккө белгисиз Абдыбек Дүйшалиев деген депутат да бар. Ал депутатыкка чейин өмүр бою МАИ тармагында иштеп келген.

Мындан сырткары төрт жыл милициянын спецназында (атайын багыттагы отряд) кызмат кылган “бирболчу” Жаныбек Бакчиев,  Бишкектеги ИИМдин жогорку милиция мектебинин бүтүрүүчүсү, кийин Өзгөн, Араван райондорунда аймактык эле инспектор болуп жүрүп, КСДП партиясы аркылуу депутат болуп келген Илхом Маннанов да бар.

“Өнүгүү-Прогресстен” парламентке келген Алмаз Жутанов деген депутат да Лейлекте милиция кызматкери болуп иштеп, кийин Ош шаарынын ички иштер бөлүмүндө кызмат кылган жайы бар.

Ошондой эле ички иштер тармагында иштеп, ал гана эмес милиционерлерди спорттук уруш боюнча машыктырган, азыр элдин алкоосуна татып келе жаткан депутат Төрөбай Зулпукаров, тар чөйрөдө “Масса” каймана ысымы менен белгилүү болгон мурунку бажычы, учурдагы депутат, спортчу Таалайбек Масабировдун да («Кыргызстан») кайсы бир жылдары милиционерлерге самбо үйрөтүп, ал тармакта иштеп калган жайы бар.

Эң кызыгы, сүйлөсө тилинен чаң чыккан, ар бир эки сөздү уйкаштырып сүйлөбөсө ичкен ашы аш болбогон Рыскелди Момбеков деген депутат да ушул органда иштеген деп, бирок ал тууралуу расмий маалыматтар жок болуп келет.

Айрым такталбаган маалыматтар боюнча, жогоруда айтылган “шоха” деген термин дал ушул акыркы аты аталган депутатка тиешелүү десек жөндүүрөк болчудай. Биринчиден, ал өзү ушул күнгө чейин милицияда эмне иш кылганы тууралуу так маалымат бербей келет. Экинчиден, Момбеков Таластагы айылдардын биринде “аймактык милициянын штаттан тышкаркы жардамчысы, бизче “шохасы” (кыргызча - “жетим жүгүрүк”), “саткынчылык” менен эле алектенип жүргөн” сыяктуу маалыматтар да жок эмес. Ал Феликс Куловдун тарапташы катары Таластан Бишкекке митингчи болуп келип, ошону менен калып кеткен. Кийин журналист, андан соң Атамбаевдин арты менен саясатка-депутаттыкка келген. Билими да болгон эмес. Ишенбесеңер Момбеков өзү айтсын, жогорку билимди качан, кайсы жерден алганын?

Ушул. Айтор, саясаттагыбы, же көчөдөгүбү, балким “самопалбы”, айтор, баардык милиция кызматкерлерин, буга чейин иштеп кеткен ардагерлерди дагы бир ирет кесиптик майрамдары менен чын дилибизден куттуктайбыз!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости