www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин ала таякчан МАИ кызматкерлерибиз коррупцияга кокодон батып калганы жашыруун эмес. Далил материалдар ММКларда күн сайын жарыяланып атат. Тийиштүү жыйынтык чыгып, реформа жүрбөгөн соң айла жок экен. Эми анысы жерге кирсин десек, МАИчинин коржоңдогон оройлугу менен зөөкүрдүгү жанга батууда. Туш келди жерден жолго чуркап чыгып тосуп, келе жаткан унааны токтотуш үчүн жолдун ортосуна чейин «жанкечтиленген» МАИчилер бар.

Чуркап чыккан МАИчиден качам деген айдоочу жол жээгинде турган МАИчини сүзгөн учур да катталган. Ага деле болбой чуркап чыгышат. Анан дагы абийирге сыяр мамиле кылбастан, тосуп токтоткон жарандарга кагынып-силкинген орой мамилеси коомчулуктун кыжырын кайнатууда. Буга чукул арада тийиштүү көңүл бөлүнүп, тез арада МАИдеги «жоон моюндарды» тартипке чакырбаса болбойт го. Баягы союз убагындагыдай МАИчилерге «эреже, этика» деген сабактар өтүлөбү? -деп "Dе-Факто" гезити жазып чыкты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости