www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-октябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетте «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

2019-жылдын бюджетинин долбоору менен 2020-2021-жылдарга бюджет болжолу боюнча Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен каржы министри Адылбек Касымалиев маалымат берди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 151 млрд 454 млн сом суммада же ички дүң продуциянын (ИДП) 25%да каралат. 2018-жылдын бюджетине салыштырмалуу кирешелердин номиналдык маанидеги көлөмдөрү 7,5% га көбөйөт.

Ал эми 2019-жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эске албастан 161 млрд 710 млн сом деңгээлинде белгиленген, (ИДП 26,7%), бул 2018-жылдын бекитилген бюджетинен 561,3 млн сомго көп.

2019-жылга республикалык бюджеттин таңсыктыгы 10 млрд 256 млн сомду же ИДПнын 1,7%ын түзөт.

Бюджте долбоорун талкуулоонун жүрүшүндө депутат Жыргалбек Турускулов “капиталдык салымдар” беренеси боюнча каражаттардын пайдаланылышына кызыкты. “Аталган берене менен 3 млрд сомдун тегерегинде каражат каралган. Бул каражаттар кайсы багыттарга жумшалат?”,- дейт эл өкүлү.

Өкмөттүн өкүлдөрүнүн айтымында. “капиталдык салымдар” беренесиндеги каражаттар социалдык обьектилердин, авто жолдордун, ирригация жана суу менен жабдууларынын курулуштарына салынат.

Депутаттар Алмамбет Шыкмаматов менен Айнуру Алтыбаева республикалык бюджеттин таңсыктыгын жабуу булактарына токтолушту. Берилген жоопторго ылайык, республикалык бюджеттин таңсыктыгы ички жана тышкы булактар (займдар) менен жабылаары белгилүү болду. Депутат Иса Өмүркулов майып балдардын жөлөкпулдарын көтөрүү, аларды баккан ата-энелерге эмгек акы чегерүү маселесин көтөрүп чыкты. Ал эми депутат Алтынбек Сулайманов болсо аймактарды өнүктүрүү маселесине Өкмөт өкүлдөрүнүн көңүлүн бурду. “Аймактарды өнүктүрүү боюнча кандай конкреттүү долбоорлор иштелип чыкты?”,- дейт ал. Өкмөттүн маалыматтарына ылайык, бул жаатта узак мөөнөттүү долбоорлор иштелип чыккан.

Депутат Бакыт Төрөбаев кайра иштетүү өнөржайы менен импорт товарларды алмаштыруучу өндүрүштү өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасоого чакырды. “Бүгүнкү күндө республикада импорттун көлөмү 70%ды түзөт. Мында көрүнүшкө өз маалында чара көрбөсөк, 3 жылдан кийин импорт 100 %га чыгат”,- дейт эл өкүлү.

Талкуунун соңунда комитет мүчөлөрү «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорун 1-окууда жактыруу чечими кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости