www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күпүлдөгөн Кожобек Рыспаев баш болгон депутаттардан түзүлгөн комиссия ЖЭБде жыйын өткөрүп жатат. ЖЭБдин учурдагы абалы деле жыргабаган окшобойбу.
Себеби депутаттык комиссия ЖЭБдин оңдоп түзөө иштерине дагы кошумча убакыт берди. Учурда ЖЭБде 75% оңдоп түзөө иштери бүткөнүн ЖЭБдин жетекчилиги билдирди.
Бирок Кубатбек Боронов баш болгон министрлердин комиссияга берген маалыматтарында сөздөр бирине-бири айкалышпай көп суроолорду жаратат.
Жөнөкөй эле суроолорго жооп бере албаган учурдагы ЖЭБдин жетекчиси Андрей Воропаев депутаттарга миллиондорго алынган мебелдер учурда кайда экенин так айта албай үнсүз кутулуп кетүүдө.
Кызык, көчмө жыйында ЖЭБ жетекчиси быйылкы жылы шаардыктарды өткөн жылдагыдай суукта үшүп калбайт деп эле актана бергени эмнеден кабар берет болду экен...
Эске сала кетсек, өткөн жылы бир нече аткаминерлер баш болгон жана эки премьерди абакка тыккан ЖЭБ чуусу дагы деле басаңдай элек...
Булак: NazarNews.kg