www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү болуп өтөт

 

Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүнө арналган масштабдуу жана уникалдуу иш-чара өтөт. Анын алкагында ММК өкүлдөрүнө сыйлык тапшыруу аземи, белгилүү эже-сиңдилердин мотивациялык сөздөрү, кеп-кеңештери, кызыктуу мастер-класстар жана сынактар болот. Аталган иш-чара “Умма” ислам журналы тарабынан уюштурулууда.

Өткөн жылы башкы редактор Элиана-Марьям Сатарова башында турган “Умма” журналы түрдүү ишеним, улут жана көз караштагы айымдардын ортосундагы диалогду бекемдөө, агартуучулук ишмердиги, бардык аялзатынын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрүнүн бирдей болушуна салым кошуп жаткан уникалдуу концепциясы бар мындай масштабдуу долбоору үчүн Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүнүн Кыргызстандагы расмий өкүлү номинациясына татышкан.

Белгилей кетсек, бул глобалдуу демилгени дүйнө жүзүндөгү 10 миллионго чукул аялзаты колдоп, 114 мамлекетте белгиленет. Буга кошумча, Жоолук күнүнүн дүйнөдө 18 расмий өкүлү бар. Кыргызстан да аялзатынын укугун коргоодо прогрессивдүү идеяларды колдоп, эл аралык деңгээлде расмий өкүлдөрдүн катарына кошулуусу - коомубуз үчүн чоң жетишкендик.

4 жыл аралыгында аталган иш-чарага 4000ден ашык аялзаты катышты. Жыл өткөн сайын бул демилге калктын калың катмарына жайылып, аны көптөгөн аялдар колдоого алууда. Алардын арасында: депутаттар, коомдук жана диний ишмерлер, илим, маданият, искусство жана спорт тармагынын өкүлдөрү, укук коргоочулар, журналисттер, бизнес-коомчулуктун, түрдүү конфессия жана улуттун өкүлдөрү, күнүмдүк жашоодо жоолук салынган жана салынбагандары да бар.

“Умма” ислам журналы этникалар жана диндер арасындагы диалогду бекемдөө, коомдогу светтик жана диний тараптардын мамилелеринин гармониялашуусуна өбөлгө түзүү максаты менен мамлекеттин саясатын улантып, 2016-жылдан бери Кыргызстанда Жоолук күнүн өткөрүп келет.

Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү калыптанган жаңылыш ой-пикирлерди жокко чыгарып, жоолук салынуу маданиятын айтып берүүдөн тышкары айымдардын ортосундагы достук, биримдик, ынтымактык сезимдерин бардык аялзаты үчүн маанилүү болгон үй-бүлө, жумуш, чыгармачылык, өзүн-өзү өнүктүрүү, сулуулук жана ден соолук сыяктуу жалпы, актуалдуу темаларды талкуулоо жолу менен бекемдөөгө аракеттенүүдө.

Бул жылы иш-чаранын алкагында активдүү жана белгилүү кыргызстандык айымдар өз тажрыйбалары, кеп-кеңештери менен конокторго чоң мотивация берерине ишенебиз.

Алардын арасында: Теология факультетинин бүтүрүүчүсү, хафиза жана дүйнөгө белгилүү сиам эгиздеринин бири Гита Резаханова, имиджмейкер Гулсара Осорова, “Кийиз дүйнө-көчмөн руху” долбоорунун жетекчиси Айдай Асангулова, мусулман кыздарга арналган алгачкы спорт тиркемесинин негиздөөчүлөрү Эрик Абдыкалыков менен Никита Рыжих жана башка коомдук ишмерлер, мусулман коомчулугунун прогрессивдүү активисттери катышышат.

Бул саамалыктын алкагында жоолукчан, диндар кыздардын ийгилик баянын чагылдырган, диний дискриминация маселелерин көтөргөн эң мыкты журналисттик эмгектин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи да орун алмакчы.

Ошондой эле, иш-чаранын конокторун кызыктуу мастер-класстар, конкурстар жана өнөктөштөрдөн баалуу белектер күтөт. Келген конокторго креативдүү фото-стенддердин жанында эстеликке сүрөткө түшүүгө сонун мүмкүнчүлүк болот.  

Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүнүн тарыхы 2014-жылга барып такалат. Анын автору - Нью-Йорктун тургуну, мусулман кыз Назма Хан. Ал жашоосунда бир нече ирет кабылган диний дискриминацияга жооп иретинде дүйнө жүзүнө жоолуктун маанисин чечмелеп, аялзатынын чоочун көздөрдөн сулуулугун жашыруу кандай экенин айтып берүүгө алгачкы кадамын жасаган. Анын толеранттуулукка болгон идеясы дүйнөдөгү миллиондогон аялзатынын колдоосуна татып, агартуучулук тариздеги брошюралары 22 тилге которулган.

Бул тууралуу маалыматты “Умма” журналынын активисттери билдирди. 

Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү 1-февралда “Бишкек Парк” соода борборунда саат 14:00до өтөт.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости