www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Европа бирлиги тарабынан берилүүчү гранттык келишимди ратификациялоо мыйзамына кол койду. Эми мыйзам күчүнө кирери менен «Исфана шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Борбордук Азия үчүн Инвестициялык фонду тарабынан жалпы суммасы 5 млн еврону түзгөн каражат берилет. Эске салсак, Кыргыз Рсспубликасынын Өкмөтүнөн кош каржылоо каралган эмес, тиешелүү түрдө бул долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен финансы каражатын бөлүү талап кылынбайт.
Булак: “De-facto”