www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУ бүткүл дүйнөнү таасири астына алган Ковид  - 19га байланыштуу маалымат берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш жаңы тип коронавируска байланыштуу:

«Вирустун дүйнөнүн эң коргоосуз аймактарында токой өртү сыяктуу жайылышына уруксат бере турган болсок миллиондогон киши каза болот», - деп эскертти. 

Вирустун бир гана адамдарга эле эмес, глобалдык экономикага да таасир тийгизгендигин белгилеген Гутерреш Эл аралык Иш алып баруу Уюмунун вирустан улам жалпы дүйнөдө иштегендердин 3, 4 триллион доллар киреше жоготууга учурашы мүмкүн экендигин билдиргенин эске салды.

Улуттук деңгээлде көрүлгөн чаралардын глобалдык өлчөмдө болгон кризис үчүн жетерлик эмес экендигин белгилеген Гутерреш чоң жыйырмалар өлкөлөрүнө коронавирус менен күрөшүүдө бир убакта, чечкиндүү түрдө жаңы кадамдарды таштоо жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жардам берүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости