www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Келгиле, кийинки 30 жылды мамлекетти көтөрүүгө арнайлы. Мындай билдирүүнү президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

""Сингапурдун башчысы ким болбосун, ал күчтүү эркке ээ болушу кажет же багынышы керек.

Бул карта оюну эмес.
Бул өмүрлөр: силердин жана менин.

Бул мамлекетти курууда мен бүт өмүрүмдү арнадым, анан аны кыйратууга эч кимге жол бербөөгө да жооптуумун".
Ли Куан Ю (16/09/1923 - 23/03/2015)

Бүгүн, 16-сентябрда, элдин тагдырын жана тарыхын өзгөртүп, 30 жылдан кем убакытта үчүнчү дүйнөдөн биринчиге чыгаруу мүмкүн экенин далилдеген Ли Куан Юнун жүз жылдык мааракеси.

Эгемендүүлүгүбүздүн алгачкы 30 жылын оңой эмес сабак алууга короттук.

Келгиле, кийинки 30 жылды мамлекетти көтөрүүгө арнайлы.

Анан бул иште бизге жолтоо болгондор эсинен чыгарбасын: "Бул карта оюну эмес.
Бул өмүрлөр: силердин жана менин...", — деп билдирүү калтырган президент.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости