www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Мокогон Текебаевди дат басып баратат

Элчи болуп теңирден тескери сүйлөгөн Германиянын тышкы иштер министри Бербокту Жаңыл мырзага теңеп, немец канцлери Шольцту Манаска теңеген Текебаев деген бар. Кыргыз Республикасынын Германиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Өмүрбек Текебаев бөтөлкө тууралуу маек бериптир. Жүгүнгөн, бүгүлгөн тууралуу айтып туруп текедей жол баштап бергени тууралуу ооз ачпай, бөтөлкө чыгаралы деген ураан салыптыр. 

Өлкөдө адам укугуна, демократиялык баалуулуктарга, мамлекеттин бүтүндүгүнө байланышкан эмне деген маанилүү окуялар болуп жатат. Такыр эле эч нерсе билбеген, көрбөгөн, "оозуң кайсы десе мурдун көргөзгөн" сопу го чиркин. Билмексен болуп, бийликке алдыртан тымызын кошомат кылып жан бакканды ата мекенчилер мыкты өздөштүрүштү. Айталы, Текебаев баш болуп, Садык-Шер-Нияз, Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев (жаңы иштен кетти) сөз кылганга арзыбаган жаштары дагы жүрөт кошомат кылып кызматка жармашып... 

Арийне, Текебаев электр лампасын укмуш кеп кылып, "кызытма лампалардын күнү бүтүп баратат, Майлуу-Суу лампа заводунан бутылка чыгаралы дегенди айтыш үчүн, лампанын тарыхын саймедиреп, союзду кеп кылып, айланып, тегеренип жүрүп араң аягына чыгарыптыр. 

Натыйжада, Германиянын Обернкирхен жергесинде жайгашкан Heye International GmbH компаниясына барып, маркетинг оюнча жетекчиси Марк Циглер, проекттин жетекчиси Уве Тобюрен жана менеджери Александ Кайзер менен жолугуп, Майлуу-Суу лампа заводунан бутылка чыгаруу үчүн инвестиция тартып жатканын мактаныч кылыптыр. 

Эмне дейли, болсун! Ошентип инвестор тартып күжүлдөп, кайпактап иштей бериңиз. Сиз айтып, баштап берген Түркмөнстанга токтоосуз түптүз баратабыз. Жакында жетип, ашып өтөбүз.

Кыргыз жигити телефонун тартып алып, оозун канжалата койгон соң Текебаев Германияга элчи болуп кире качкан. Ал башынан батыштын «жашылбайларын» жапшырып көнгөн. Азыр да официалдуу Германиядагы элчи болгону менен Батыштын акчаларына суусап, каны катып турат. Деги элчинин саясатка аралашып турганы туурабы, ага министр эмне деп жооп берер экен? Же Текебаев айта берсе жарайбы?  Азыркы кезде Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал, саясий кризистен улам геосаясаттагы баланс жаңыланууга душар болууда. Экономикалык, саясий башкаруу системасы өзгөрүп жатат. 

Түпкүлүгүндө дүйнөгө ким кожоюндук кылат деген таасир талашуу өкүм сүрүүдө. Башкача айтканда, Америка дүйнөгө бир полярдуу гегемониялык үстөмдүк саясатын орнотуу аракетин көрсө, Орусия ага жол бербөө үчүн көп полярдуулук система болуш керек деген позицияны карманууда. Мына ушундай абалга Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев баа берип: "Дүйнөдө чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Жаңы дүйнөлүк тартип орномокчу. Бүгүнкү дүйнөлүк тартип – жөнөкөй, кыскача айтканда бир ордолуу (бир полярдуу) дүйнө бул АКШ" - деп билдириптир. Бул пикири аркылуу Батыштын саясатын колдоп дүйнөнү Америка башкарат деген жыландын башын кылтыйткан экен. Муну менен Текебаев батышчыл саясатчы деген пикирлерди далилдеп койду өңдөнөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости