www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов чиновниктердин үйлөрү өзүнө же аялына жазылбаса, ал жерге жашаганга тыюу салуу керектигин айтты.

Бул тууралуу ал бүгүнкү 10-декабрда болгон Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Коомчулукта транспорт жана жолдор министринин орун басары пара алганга шектелип кармалганы талкуу жаратууда. Ал жалгыз эмес, андай адамдар көп. Чиновниктер эң кымбат үйлөрдө жашайт, бирок ал турак жайлар чоң атасына же жээнине жазылган. Кымбат автоунааларды айдап жүрүшөт, ал дагы ага жазылган эмес. Чиновниктердин үйлөрү өзүнө же аялына жазылбаса, ал жерге жашаганга тыюу салуу керек. Өзүнө жазылбаган автоунааны айдаганга дагы тыюу салуу шарт", - деди эл өкүлү.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости